Бул оорулар бар болсо рак клеткасына анализ тапшырыңыз
Салам айымдар! Bilesinbi.kg бул ирет онкоцитология жөнүндө кыскача маалымат берет. "Ал эмне?", "Эмне үчүн керек?" деген суроолор пайда болдубу? Анда төмөнкү маалыматты окуңуз.
Онкоцитология деген эмне?
Бул жатын моюнчасынан алынган анализ. Онкологиялык оорулардын көбөйүшүнө байланыштуу ооруну эң алгачкы этапта аныктоого мүмкүндүк берүүчү изилдөө.
18 жашка толгон жана жыныстык жактан активдүү болгон ар бир аял жылына бир жолудан кем эмес жатын моюнчасынын текшерүүсүнөн өтүшү керек.
Онкоцитологиялык мазокту качан тапшыруу керек?
- гинекологго пландуу профилактикага барганда;
- оор гинекологиялык оорулар болсо (аялдардын жатын моюнчасынын рак дисплазиясы);
- кош бойлуулукту пландаштырууда;
- пландуу хирургиялык дарылоодо;
- репродуктивдүү жана кеч репродуктивдүү мезгилдеги аялдарда жыныстык органдардан контакттык кан агуулар болгондо;
- менопауза курагындагы аялдардын жыныс органдарынан кан кеткенде.
Менструациянын бузулушу, жатын моюнчасынын башка патологиялык өзгөрүүлөрү, үй-бүлө мүчөлөрүнүн онкологиялык оорулары, жогорку онкогендик тобокелдиктин папилломавирустук инфекциясы бар болгондо - онкоцитологиялык изилдөө 6 айда бир жолу жүргүзүлөт.
Кайсы учурда онкоцитологиялык изилдөө жүргүзүү керек?
- жатын моюнчасында эрозия болсо;
- жатын моюнчасындагы былжыр челдин жабыркашы болсо;
- жатын моюнчасынын катмарлуу жалпак эпителийинин калыңдоосу болсо;
- жатын моюнчасынын полип болсо;
- жатын моюнчасынын дисплазиясы болсо;
- жатын моюнчасынын рагы.
Билесизби, статистикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына көңүл бурсак, дүйнөдө ар бир төртүнчү аял жатын моюнчасынын патологиясы менен ооруйт. Буга жеткирбөө үчүн жылына бир жолу онкоцитологиядан өтүшүбүз керек.
Ден соолугуңуз өз колуңузда!