// //

Кайын энеме катталган үйдү өзүмө кантип өткөрсөм болот?

2021.12.16, 15:25
1079

Саламатсызбы! Менин күйөөм өтүп кеткен. Үч балам бар, кайын энем менен турам. Үй кайын энеме катталган. "Өлсөм силерге калат" дейт. Бирок документти өзүмө кантип өткөрсөм болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
16.12.2021, 15:28

Жаңыл Алымкул кызы

Юрист

Саламатсызбы!
Сурооңузда тактоо керек болгон жагдайлар бар.

1) Кайын энеңиздин жолдошунун (кайын атаңыздын) көзү тирүүбү?
2) Башка балдары барбы?

Анткени, эгер кайын энеңиз каза болуп калчу болсо, анын атындагы үй КРнын Жарандык кодексинин 1142-беренесине ылайык мурас түрүндө анын жолдошуна, жана балдарына өтөт. Себеби, алар мыйзам боюнча биринчи кезектеги мураскорлор болуп саналат. Бул жагдайда үй мурас катары сизге, же сиздин балдарыңызга өтпөйт.

А эгерде анын сиздин жолдошуңуздан башка балдары да, кайын атаңыз да жок болсо, анда мурас КР Жарандык кодексининин 1143-беренесине ылайык экинчи кезектеги мураскорлор катары анын бир туугандарына өтүш керек болот.

Андыктан, үйдү сөзсүз сиздин атыңызга каттатыш керек болсо, анда мындай кылсаңар болот:

Кайын энеңиз "тартуулоо" келишими менен, же керез ирээтинде сизге
өткөрүп берип койсо болот.

Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт