Эмнеге аялым эмес, мен кычырап кийинип жүрөрүмдү айтып берсем таңкалышат

2021.12.15, 15:48
3763

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир күйөөнүн катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Экөөбүз ээрчишип баратсак элдер бизди башкача карайт. Албетте, мени жек көрүү, аны жалооруган көздөр менен. Көнүп деле бүттүк. Эми келинчегим маани бербейт, мен башында жаман болуп жүрдүм, бирок чындыкты кабыл алгандан кийин мен дагы маани бербей калдым.

"Аялыңа бир көйнөк алып берип койсоң боло, жаныңда бомж болуп жүрөт." Айласыздан күлөм. Эх, алар чындыкты билбейт да. Биринчиден, айтып коеюн бомж 250 долларлык куртка кийбейт (балким киет). 

Мен баарыңарга бир нерсе айткым келди. Адамдар ар түрдүү болот. Эч ким бири-бирине окшош эмес. Жадакалса, эгиздер дагы ар түрдүү. Демек, дүйнөдө канча адам болсо, ошончо табит бар. Менин аялым кычырап кийингенди жактырбагандардын катарына кирет.

Ооба, мага дүкөн кыдырып, акыркы модадагы кийимдерди сатып алып, жумушка жасанып барып, кесиптештерден мактоо сөз уккан жагат. Башынан эле ушундаймын. Шкафтарым толтура кийим.

Келинчегим болсо, таптакыр башкача. Ага ыңгайлуу, сапатуу, анан көпкө кие турган кийим болсо болду. Кийим дүкөнгө кийимдери жыртылса гана барат. Ал үчүн биринчи орунда кийимдери таза болсо болду. Ал ыңгайлуулукту жактырат. Бир тондогу кийимдерди сатып алат. 

Мен бул сапатын башында эле билгем. Жолугушууга чакырсам бир кофтасы менен эле келе берчү. Анан бир жолу кызыгып сурагам. Ошондо ал, "кийимдерим таза болсо болду, мага жакпайт дүкөн кыдырган" деген. Белекке дагы кийим алганды жактырбайт. Мен келинчегимди кийген кийими үчүн эмес, өзүн сүйөм.

Ооба, сыртыбыздан караганда экөөбүз сөзгө калабыз. Келинчегим таптакыр башкалардын сөзүнө көңүл бурбайт. "Айта берсин" деп туруп, өзүнүн сүйүктүү сары жемпирин кийип жүрө берет. Сүйөм. 

Мен эмнени айткым келди. Келгиле, чындыкты билбей туруп эле, сыртан бир көрүп алып тон быча бербейли. Эч качан адамдарды жакындан билбей туруп сөз кылбайлы. Анан, шаардан экөөбүздү көрүп калсаңар, маани бербей эле өтуп кеткиле. Биз ушундай, башкача түгөйбүз.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

 

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт