// //

ЗАГС жок кызымдын аталыгын аныктата аламбы? Юристтен кеңеш

2021.12.15, 11:13
791

Саламатсызбы! Жолдошум каза болуп калган. Ортобузда кызыбыз бар. ЗАГС жогуна байланыштуу фамилиясы менин атымда. Эми "отцовство" алайын десем справка алып кел дейт. Бирок мурунку жолдошум менен ЗАСГ жок да. Кандай кылсам болот? 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.12.2021, 11:15

Жаңыл Алымкул кызы

Юрист

Саламатсызбы! Ортодо нике күбөлүк болбосо да аталыкты аныктата аласыз.

Баланын энеси менен официалдуу никеде турбаган киши көзү өтүп кетсе, анын аталыгы сот аркылуу таанылат. (Негиз: КР Үй-бүлө кодексининин 53-беренеси).

Бул үчүн сиз өзүңүз сотко "аталыкты таануу/аныктоо" боюнча доо арыз жазып кайрыласыз.

Сизден сурап жаткан справка бул - жолдошуңуздун каза болгондугу тууралуу күбөлүк. Албетте, ал сөзсүз талап кылынчу документ.

Андан тышкары, кызыңыздын атасы ошол киши экендигин көрсөткөн социалдык далилдер да керек болот. Мисалы:
- чогуу түшкөн сүрөт, видеолор;
- чогуу бир жакка барып, сатып алып, чогуу иш-чараларды аткаргандыгыңыздарды далилдеген фактылар;
- кошуна, достордун көргөзмөсү;
- ж.б. фактылар

Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт