// //

Досумдун мурунку сүйлөшкөн кызы менен жүрсөм кандай болот?

2021.12.14, 17:45
1772

Саламатсызбы! Мен мурда досум сүйлөшкөн кызды жакшы көрөм. Азыр экөө сүйлөшпөй калышкан. Ал кызга жакында сезимдеримди билдирдим. Бирок, досумдун алдында өзүм жаман болуп жүрөм. Эмне кылышымз керек?

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
14.12.2021, 17:46

Мария Самсонова

Психолог

Саламатчылык. Сиз эмнеге уялып жатасыз? Ал кыз досуңуздун келинчеги эмес, экөөнүн ортосундагы мамиле токтогон экен, демек ал эркин адам. Сиздин да башыңыз бош. Мамиле курууга эч кандай тоскоолдук көрбөй жатам.

Ал эми досуңуз кандай реакция жасай турганын өзү чечет. Бул анын жоопкерчилиги жана жашоосу.

Балким, ортоңордо атаандаштык сезими пайда болот, жана мындай көрүнүш достугуңарга таасирин тийгизбей койбойт. Бирок бул сөзсүз достуктан баш тартуу дегендик эмес.

Чечим кабыл алуу сиздин колуңузда!

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт