Күйөөмдүн фамилиясын алсам мүлкү автоматтык түрдө мага өтөбү?
Күйөөмдүн төртүнчү аялымын. Мурунку аялдары менен ажырашкан, балдарына алимент төлөп, үч баласына үй алып берген. Биз жакында эле ЗАГС алдык. Ортобузда эки балабыз бар.
Мени ойлондурган нерсе кийин балдары келип үй, машина жана башкаларды бөлүштүрүп албайбы? Күйөөм алардын тиешеси жок, мен бир нерсе болсом силерге эле калат дейт. Мен жолдошумдун фамииясына өтсөм, кийин автоматтык түрдө баары мага өтөбү? Суроомо жооп бериңизчи сураныч.
Жаңыл Алымкул кызы
Юрист
Саламатсызбы! КР Жарандык кодексинин 1142 - беренесине ылайык кийин мурасты бөлүштүрүүдө жолдошуңуздун бардык балдары бирдей үлүштө мураскор болушат. Бул жерде алимент төлөнүп бүткөнү, үй-машина алып бергени каралбайт.
Ошондой эле, сиз дагы жолдошуңуздун фамилиясына өтүп, өтпөгөнүңүзгө карабастан бардык балдары менен бирдей үлүштө, биринчи кезектеги мураскор болуп эсептелесиз.
Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.