Күйөөмдүн биринчи аялына жазгандарын окуп травма алдым. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Биздин жолдошум экөөбүздүн үч балабыз бар.
Ушул айдын ичинде болгон окуя, күйөөм мурунку аялын таап, ал аял менен эски сүйүшкөндөрүн эстешип, жакшы маанайда сүйлөшүптүр. Мага "чарчадым, убактым жок сүйлөшкөнгө" деп койчу. Аны менен түнкү 3кө чейин сүйлөшүптүр, ага "аялымды сүйбөйм" деп жазгандарын окуп калдым. Ошондон бери депрессиияда жүрөм. Кадимкидей трамва алдым. Анткени күйөөмө аябай ишенет элем. Аны башкача жакшы көрчүмүн. Ошол убактан бери өзүмө келе албай койдум. Ал мени жоошуткандын ордуна кагып салып жатат. Мени түшүнгүсү дагы келген жок.
Асель Баимбетова
Психолог
Кутмандуу күнүңүз менен!
Күтүүсүздөн оор жагдайга туш болупсуз, терең кайгыруу менен көңүл айтам. Сизде күйөөңүзгө карата кандайдыр бир күтүүлөр болгондуктан (мисалы, мурунку жубайы менен сүйлөшпөйт деген), бул окуя сиз үчүн катуу травма болду.
Күйөөңүздүн “аны сүйбөйм” деп айтканы, “сүйлөшпөйм” дегендик эмес. Алардын ортосунда бала барбы же жокпу жазбапсыз. Эгер бар болсо, анда өмүр бою ортолорунда байланыш болот. Анын үстүнө ал жубайы менен жалдаң гана жаман эмес, жакшы күндөрү деле болгондур.
Сизди түшүнүп турам. Мисалы, анын аялы катары мурунку жубайы менен катташпайт деп ойлоп жүргөнсүз. Кийин анын сүйлөшкөнүн билип, ага болгон ишенимиңиз бузулду, кабыл алуу оор болду. Күйөөңүзгө эч кандай таасир бере албайсыз, ал аялы менен сүйлөшүүгө укугу бар. Балдары болсо ортолорунда байланыш үзүлбөйт. Түнкү үчкө чейин эмне жөнүндө сүйлөшүп жатканы түшүнүксүз. Балким, алар аял менен күйөө гана эмес, мурун дос катары мамиледе болушкан. Бул жерден күйөөңүз менен жай отуруп, ичиңиздеги сезимдерди айтып, диалог куруңуз. Эмне үчүн сизди урушуп койду? Балким, башында шок абалында реакция берди.
Сурооңузга так жооп берүү үчүн жагдайыңызды толук изилдеп чыгуу керек. Ооба, күйөөңүздүн мындай мамиле кылып жатканы өкүнүчтүү. Эмоционалдык парыңызды чыгаруу үчүн алгач психолог менен иш алып барыңыз. Жеңилдеп калгандан кийин күйөөңүз менен сүйлөшүп, бир чечим кабыл алыңыз. Сүйлөшүү тынч абалда болгону маанилүү, анткени үй-бүлөдө дагы үч бала бар экен, ал эми бүтүндөй жагдай сизге гана эмес, балдарга дагы таасир берет.
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.