Кантип токтоо, оор басырыктуу боло алам? Психолог кеңеш берет
Саламатсызбы! Менин жашым 19да. Өзүм шайыр кызмын. Көп уруш сабырсыздыктан болот экен. Мен токтоо, оор басырыктуу болгум келет. Канча аракет кылдым, андай боло албай койдум. Канткенде сабырдуу боло алам? Кеңеш бергилечи?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатсызбы! Өзүңдү-өзүң кармана албагандык - импульсивдүүлүк деп аталат.
Импульсивдүүлүк – бул мүнөздүн өзгөчөлүгү, мында адам эмоциялардын же стимулдардын басымы алдында туруштук бере албай, өзүнүн кыймыл аракетин контролдобой калат.
Өтө импульсивдүү адамдар тиги-же бу иш-аракети үчүн, айтып алган сөздөрү үчүн өкүнүшөт. Анткени эмоциялардын таасири менен адам эмне кылып жатканын ойлонуп жетишпейт, жасаган иши кандай натыйжага алып келерин аңдабайт.
Импульсивдүүлүк адатта, мектепке чейинки жаш курактагы кичинекей балдарга таандык. Себеби алардын психологиясы жетиле элек, эмоцияларын башкара албайт. Болжол менен 8 жашка чейин балдар мээсинен келип чыккан импульстарды кабыл алып, анализдеп, контролдогонго үйрөнүп калышат.
Импульсивдүүлүктүн калып калышынын себептери физикалык да, психикалык да болушу мүмкүн.
Физикалык себептерин жокко чыгаруу үчүн неврологго кайрылып консултация алып көрүңүз. Бир катар анализдерди тапшырып, текшерүүдөн өтүү керек. Эгер физикалык себептери аныкталбаса, анда психотерапевтке кайрылыңыз.
Ийгилик!
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.