Кызымды экинчи күйөөмдүн атына кантип өткөрсөм болот?
Жолдошум экөөбүз ажырашканбыз, ортодо кызыбыз бар. Ал үйлөндү, мен турмушка чыктым. Кызым менде, 9 жашта. "Отказной" жаз десем болбой жатат. Өзүмдүн же экинчи жолдошумдун фамилиясына кантип өткөрө алам?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын 66-беренесинин 1-бөлүгүндө "Өздөрүнүн балдарына карата ата-энелер бирдей укукка ээ жана бирдей милдетти (ата-энелердин укуктарын) аркалашат" деп көрсөтүлгөн. Ушул эле берененин 2-бөлүгүндө "Ушул главада каралган ата-энелердин укуктары балдар он сегиз жашка толгондо (бойго жеткенде), ошондой эле жашы жетпеген балдар никеге турганда жана мыйзамда белгиленген дагы башка учурларда - бойго жеткенге чейин, бала толук аракетке жөндөмдүү болгондо токтотулат" деп көрсөтүлгөн.
Демек, бүгүнкү күндө кызыңыздын атасында өз кызына карата мыйзам менен белгиленген укуктары бар. Ошондуктан эки тарап сүйлөшүү жолу менен бул маселе чечилет. Белгилеп кетчү жагдай, эгерде кызыңыздын атасы милдеттерин аткаруудан баш тартып жатса, анда аталык укуктан ажратуу жөнүндө сотко кайрылсаңыз болот. Анткени биз өз укугубузду талап кылыбызда, бирок милдеттерибизди аткарбай калган учурлар көп кездешет. Ошондуктан канчалык даражада милдеттерин аткарып жатат карап коюңуз. Балким бул жагдай сиздин маселеңизди чечүүгө жардам берет. Анткени аталык укуктан ажратылган адамдан уруксат талап кылынбай калат.