Ката жазган жигитти кантип окууга кызыктырсам болот?
Саламатсызбы! Кеңеш сурайм. Коңшу айылдан бир бала менен таанышмын. Экөөбүз тең 11-класста окуйбуз. Бирок ал сабакка көңүл бурбайт, көп ката жазат. Кантип окууга кызыктырсам болот? Экөөбүз эки башка мектепте окуйбуз. Телефон аркылуу байланышабыз. Бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз, жакшы көрөбүз, сөзүбүздү угабыз. Бирок мен "ката жазасың", "жаман окуйсуң" деп айтсам кемсинткендей болот да. Кантип түшүндүрөм?
Нуриза Батырбекова
Психолог
Саламатсызбы! Сурооңуз үчүн чоң рахмат. Кызыгуу - бул ар бир адамда индивидуалдуцу болот. Өзүнүн кызыгуусу жок болсо, аны кызыктыруу бир аз кыйын болуп калат.
Сиз эмне кыла аласыз? Өз оюңузду, каалоолоруңузду ачык айта аласыз. Айтып жатканда дагы "сен жаман окуйсуң эмес" дебей, "сага кандай жардам керек", "эмне кылсам окууга кызыгууң болот" деп, анын ой жүгүртүүсүн өзгөртсөңүз болот.
Бул жерде жоопкерчилик тууралуу дагы айта кетүү керек. Сиздин жоопкерчилик - бул ойлоруңузду ачык айтуу. Ал эми жигит ага кандай реакция берет - бул анын жоопкерчилиги болуп эсептелет.
Кантип айтам дегенде, атайын эрежелер бар. Эң биринчи сүйлөмдө "мен" деп баштайсыз, анан бул абалды түшүнүрүү, ал абалга болгон себептерди, аягында өтүнүчтөрүңүздү айтасыз. Мисалы, мага экөөбүздүн сүйлөшкөн аябай жагат, бирок кээде капа болуп кетем, каталарыңды көргөндө кийинки жашооңо тийгизген таасирди ойлоп кетем деп айтсаныз болот.