// //

Кош бойлуу кезимде таштап кеткен күйөөмө кызымды көрсөтсөмбү же жокпу?

2021.11.30, 19:52
1112

Саламатсызбы! Мага психологдун кеңеши керек болуп жатат. Жолдошум мен кош бойлуу кезимде таштап кеткен, ошондон бери дайынсыз болгон. Кыз төрөдүм, азыр кызым 14-жашка чыкты. Жакында эле жолдошум "байланышым кызым менен, сүйлөшөм" дейт. Кандай кылсам туура болот? Ушул убакка чейин бизге жардам да берген эмес. Канча кыйынчылык тартып жалгыз чоңойттум. Кызымды ойлоп турмушка да чыкпадым. Эми кызым чоңоюп бардык кыйынчылыктар арта калганда биз менен байланышканы туурабы? Өзүнүн үй-бүлөсү, балдары бар экен. Кызым өткөөл куракта болуп турганда кандай кабыл алат? Сураныч мага кеңеш бериңизчи. Эмне кылаарымды билбей ойлонуп калдым.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
01.12.2021, 10:17

Тамара Воронцова

Психолог 

Сиз азаматсыз! Кызыңызды жалгыз тарбиялап, бардык убактыңызды ага арнадыңыз!

Кыздын атасынын пайда болгону абдан жакшы! Адегенде өзүңүз аны менен жолугуп, максаты кандай экенин билиңиз: кызына жолугуп турууну, жардам берүүнү каалайбы, бир туугандары менен  тааныштыргысы келеби тактаңыз.

Кызын убагында бакпаса дагы, өзүнүн жашоосу оңунан чыкпаса, кийин ал кызынан алимент талап кылышы мүмкүн деген вариант бар экенин эстен чыгарбаңыз.

Жалпысынан максатын билип алыңыз. Эгерде ниети ак болсо, анда жардамдан баш тартпаңыз, сизге жардам керек, анткени бала канчалык чоңойгон сайын, билим алуусуна ошончолук көп каражат керектелет.

Жолугушуудан кийин кызыңызга баары кандай болсо, ошондой айтып бериңиз. Атасына жакшы мамиле кылуусун кеңеш катары айтып өтүңүз. Ар бир адам ката кетирет, эгер катасын мойнуна алып, анын үстүнө жардам берүүнү кааласа анда жакшы. 

Кызыңыз жалгыз экен, бир туугандары менен таанышып алса жакшы болот. 

Менин практикамда мындай учурлар көп болгон. Эң негизгиси баланын жыргалчылыгы үчүн болгондун баары сонун нерсе! Туугандары аны канчалык жакшы көрүшсө, ошончолук жакшы!

Тамара Воронцова менен инстаграмдагы @tamaravorontsova баракчасы аркылуу байланыша аласыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт