Күйөөм эки кызыма 700 сом алимент төлөйт. Көбөйттүрсөм болобу?
Саламатсызбы! Мен эки кызыма 700 сом алимент акча алам. Көбөйтүп бергиле десем көңүл бурбай жатышат. Эмне кылсам болот?
Жаңыл Алымкул кызы
Юрист
Саламатсызбы!
Сизден тактай кетүүчү жагдайлар бар:
1) 700 сом деген мурдагы жолдошуңуз экөөңөр өзүңөр макулдашып койгон суммабы?
2) Кайсы убакыттан бери аласыз?
3) Сот аркылуу болсо, сотко жазган арызыңызда алименттин өлчөмүн кандай кылып көрсөттүңүз эле: бардык кирешесинин 1/3 деппи, же туруктуу акчалай суммада деппи?
Эгерде биринчи себептерден улам 700 сом алып жатсаңыз анда бир аз түшүнүктүү.
А бирок, соттун чечими боюнча 2 балага 700 сом чыгышы мүмкүн эмес!
Мыйзам боюнча 2 бала үчүн жоопкердин бардык тапкан кирешесинин 1/3 бөлүгү (башкача айтканда 33%) төлөнүшү керек.
Эгерде ал иштебесе, же кирешеси аябай эле аз болсо да баары бир алиментти төлөөгө милдеттүү. Бул жерде өтө маани берчү жагдай:
КРнын Үй-бүлө кодексининин 86-беренесине ылайык, алименттин эң аз өлчөмү айына бир балага - бир эң аз эмгек акыдан кем эмести, эки балага - бир жарым эң аз эмгек акыдан кем эмести, үч жана андан көп балага - эки эң аз эмгек акыдан кем эмести түзүшү керек.
Учурда Кыргызстанда эң аз эмгек акынын өлчөмү 1865 сом. (Бул көрсөткүч жыл сайын өсөт). Ошондо 2 бала үчүн бир жарым эң аз эмгек акы дегенде сиз бери жагы 1865 + 932 = 2797 сом алышыңыз керек.
Андыктан, эгерде соттун чечими боюнча 1/3 деп аныкталып, бирок мурдагы жолдошуңуз айлыгынын аздыгын себеп кылып 700 сом гана төлөп жүргөн болсо анда сот аткаруучу менен байланышыңыз. Бул жагы сот аткаруучу менен иштешип чечиле турган маселе.
Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.