// //

Эски сүйгөнүмө жолукканда уялганымдан жерге кирип кетким келди

2021.11.28, 16:53
3514

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Пландарым боюнча, бул жолугушуу мындай болушу керек эле. Узун чачым жайылган, фигурама төп келген көйнөк, бутумда шиш така, колумда кичинекей сумка, жүзүмдө макияж. Көчөдө маралдай керилип басып баратам. Тык, тык, тык... Жаныман өткөн жигиттер суктанып кылчайып карап жатышат. Айрымдары чалынып да кетти.

Кокустан алдыман жүдөгөн эски сүйгөнүм чыкты. Мени көрүп токтоп калды. Учурашса жооп бербей, көзүмдүн кыйыгы менен карап койдум. Дал ошол маалда акыркы үлгүдөгү машина токтоп, ичинен бир кучак гүл көтөргөн сымбаттуу жигит чыкты. Гүлүн мага сунуп, бетимен өөп машинасына отургузуп айдап кетти. Чаңда калган эски сүйгөнүм мени таштаганына өкүнүп, жер кучактап ыйлады. 

Карантинде шаардан айылга келгем. Элге окшоп жөн отурбай сасык тумоолоп калдым. Ага кошулуп, ангинам кармап, тамагым шишип кетти. Кыйналып отурганымды көргөн апам, “тур, дүкөнгө түшүп арак алып кел, компресс жасап берейин”,-деди.

Дүкөн көчөбүздүн башында. Мени ким көрмөк эле деп, бутума көлөч, үстүмө атамдын малга кийген эски чапанын кийип алып чыгып кеттим. Чачым май, мурдум кызыл, көзүм шишиген, үнүм кырылдаган. Эшик дагы суук болчу. Дүкөндөн арак алып, бүрүшүп чыгып келатсам, кайдан-жайдан мурунку сүйгөнүм пайда боло калды. Тууй ата, сценарийдин баары өлдү.

Кебетем оюма келип, уялганымдан жерге кирип кетким келди.

Ал тим эле кычырайт. Атыры буруксуп, бүтөлүп калган мурдумду ачып жиберди. Ошондо кой жыттанып жатканымды билдим. “Ой, кандайсың?” -деп учурашып, колумдагы аракты карады. “Жакшы” десем үнүм эркектикиндей кырылдап чыкса болобу. Шарт бурулуп, тез-тез басып кеттим. “Байкуш, мен таштагандан кийин ичип кеткен турбайбы”,- деп, ичинен жымыңдап жатканын элестетип ачуум келди.

Абил менин биринчи сүйүүм. Экөөбүз айылдашпыз. Менден эки жаш улуу, сулуучумак келген жигит. Бир мектепте окудук. Тогузунчу класста жаңы-жылдык кечеде бийге тартты. Ошондон кийин сүйлөшө баштаганбыз. Ал учурда менден өткөн бактылуу кыз жок эле. Көп өтпөй, мени сүйбөй калганын айтып, “Б” класска жаңы келген шаардык кыз менен жүрүп кетти. “Сенсиз кантип жашайм”,- деп аябай ыйлаганым дале эсимде. Эх, окуучулук күндөр.

Үйгө көзүм жашылданып кирип бардым. Пландарым бузулуп, мен ойлогондой болбой калганына ыза болдум. Баса, Абилди эбак эле сүйбөй калгам.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөм кызыбызга сүйгөнүнүн атын койгонун кайын эжемден уктум

Баламды кайын эжеме таштап Москвага кетсем, сууга агып чарчап калыптыр

Үйлөнөйүн десем мага жаккан кыз жоолук салынууга макул болбой койду

Жигитим "ата-энеңе акча салба" деп айлыгымды алганга шашылат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт