Досума эмне үчүн аялым белек бербесем деле мени сүйөрүн айтып таңкалтырдым
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир күйөөнүн катын жарыялайбыз.
Дароо айтып коеюн белек берем. Анан мени жаман көрүп калбагыла. Эми кеп башынан болсун.
Мен кемпирдин колунда өсүп, тарбиясын алган баламын. Чоң энем мени жарыбаган пенсиясы менен эч нерседен кем кылбай бакты. "Ата-энеңден эрте айрылганың жетишет, жакшылык көрүп өс балам" деп, байдын балдарынан кем калтырбай кийинтип, ичинтип өстүрдү. Баса, курак курап, төшөк тигип, тойлордо жар-жар айтып жүрүп кошумча акча тапчу. Азыр көз жашымды аарчып алайын. Энемди эстеген сайын ыйлайм.
"Ушул кара баламдын аялын көрүп кетсем болду эле" деп айтар эле. Шум ажал ал тилегин орундатпады. Оорусу менин тоюма жеткирбеди. Ошентип, 19 жашымда жалгыз калдым.
Чоң энемди аяп, ага ар дайым жардам бергим келчү. Ийнесине жип өткөрүп бериш үчүн төшөгүн каптап бүткүчө жанынан чыкпай отура берет элем. Бутун ушалап берсем, чай куюп берсем, чачын өрүп койсом аябай сүйүнүп калчу. "Эне сени жакшы көрөм" деген сөздү айтсам, батасын берип жатып калар эле. Кыскасы, чоң энем мага аялзатына туура мамиле кылууну үйрөттү.
"Балам, мугалимиң тентек кылып жатканыңды айтты. Мага десе терезени сындыр, балдар менен мушташ, бирок кыздардын чачына колуңду тийгизбе. Аялзатын сыйлап жүргүн." Бир жолу чогулушка барып ушинтип капа болуп келди. Энемдин алдында аябай уялдым.
"Мага болгон мамилең жагат", сүйлөшкөн кызым ушинтип көп айтат. Анда студентмин. Чөнтөк бош, белекке акча жок. Бирок, эстесем кызым бир дагы жолу "белек бербедиң" деп капа болбоптур. Кызык.
"Мени эмнеге сүйөсүң? Кээде сага белек алып бергенди деле унутуп калам дегеним да." Аялымдан бир жолу ушинтип сурадым. "Мага болгон мамилең жагат. Балким, бирөөлөр үчүн майда нерсе, бирок алар аябай жагымдуу. Курткамды кийгизип бересиң, бутумдун боосу чечилгенин көрсөң отуруп байлай каласың, кирлерди алып келип чыгып кетсем, бүктөп ордуна коюп коесуң, үйдө нан калбай калганын көрсөң дүкөнгө барып келе коесуң, уктап калсам үстүмдү жаап коесуң, колумду акырын кармайсың, маанайымды сурап турасың, чачымды кургатып бересиң, айтор, мамилең жагат. Бул нерселер белектен дагы баалуу. Мамилең үчүн сүйөм."
Мен атайылап деле жасабаган нерселерди санап берсе таңкалып туруп калдым. Досума айтсам ал дагы таңкалды. Эми мактоо уккан кимге жакпасын, ал күнү кудуңдап жүрдүм.
Аялзатына аяр мамиле кылууну үйрөтүп, мени жүрөгү таза инсан кылып тарбиялаган чоң энеме рахмат.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди
Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди