// //

Жигитимдин мүнөзүн өзгөртө аламбы? Психолог кеңеш берет

2021.11.25, 12:17
1899

Саламатсызбы! Мен 21 жаштамын, буюрса, жакында турмуш жолуна аттанып жатам. Бирок жигитимдин мүнөзү чорт, аң сезими төмөн. Сый-урмат дегенди билбейт, укпайт, түшүнүүгө аракет да кылбайт. Кыскасы, өзүнүкүн бербеген адам.

Келечекте анын мүнөзү, үй-бүлөлүк жашообузга зыянын тийгизбейби? Жигитимдин кыялын, мага жасаган мамилесин кантип өзгөртсөм болот? Дүйнө таанымын кеңейтүү үчүн эмне кылуу керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
25.11.2021, 12:17

Виталий Пукаев

Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт

Сиздин катты окуп жатып, капа болдум. Бир жагынан алып караганда, жашооңузда жакшы окуя болгону жатат, жакында турмушка чыгасыз, бирок катыңызда кубануу жок. Жигитиңизге болгон жеке сезимдериңиз тууралуу да жазбаптырсыз.

Жигитиңизди “аң сезими төмөн” деп мүнөздөмө берип жатканыңызга караганда, тандаган адамыңыздан күмөн санап, ишенбей, ачууланып же көңүлүңүз калгандай.

Менде көптөгөн суроолор жаралып жатат, биринчи кезекте:

  • Бул мамиленин эмнеси сиз үчүн баалуу?
  • Бул адам сизге жагабы? Эмнеси менен жагат?
  • “Турмушка чыккан”, “үй-бүлөлүү” деген статустан башка дагы эмнеге жеткиңиз келет?

Тилекке каршы, башка адамдын дүйнө таанымын кеңейтип, аң сезимин өстүрүү мүмкүн эмес. Өзгөчө ал өзү ошону каалабаса. Канчалык аракет кылсаңыз да, чын дилиңизден тиленсеңиз да эч кандай сыйкырдуу өзгөрүү болбойт. Үйлөнүү жаш курагына жетип калган киши психологиялык жактан калыптанып калган болот.

Сиздин катты окуп, бул мамиледе сиз кандай утушка ээ болуп жатканыңызды түшүнгөн жокмун. Экөөңөр кандайдыр бир маселе боюнча бир пикирге келип, макулдашкан учурлар болду беле? Же сиз ар дайым анын айтканына көнүп, баш ийип келесизби?

Эгер ал койгон талаптар менен гана жашасаңыз, баш кошкондон кийин көңүл калуу ого бетер күчөйт. Түшүнбөстүктөр нааразычылыкка жана үй-бүлөдөгү зомбулукка алып келет. Бул абдан коркунучтуу көрүнүш.

Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт