// //

Кайын сиңдимдин бир сөзүнөн кийин күйөөм мага болгон мамилесин өзгөрттү

2021.11.24, 16:02
21638

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Тыкылдаган сонун кыз. Ар дайым колу бош эмес. Баарына кантип жетишет билбейм. Мен анын ордунда болсом эбак эсим ооп куламак. Мектептин активисти, үч жерде волонтер, эки чет тилин үйрөнүп жатат. Баса, жигиттер менен жолугушканга дагы убакыт табат.

Экөөбүз ачык сүйлөшөбүз. Апасына айта албаган сырларын мени менен бөлүшөт. Кээде жигити менен жолукканы баратып көз кысып коет. Мен баш ийкеп, акырын байкесин алаксытып турам.

“Жеңемди ала келгиле!” Олимпиададан утабы, конкурстарга катышабы, айтор, сөзсүз мени чакырып, ата-энеси менен эң алдыңкы орунга отургузат. “Бул көйнөктү жеңем тигип берген”, -деп, ыраазычылык айтып жатып мени дагы эстей кетет. Кудуңдап сүйүнүп калам.

Түндөсү көз жардым. Айылдан биринчи жетип келди. “Жеңе куттуктайм!”,-деп, ыйлап алыптыр. Аны көрүп мен ыйладым. Анан кайын энем чалып, “Жыпар жок, жаныңдабы”,-деди. Байкесин укпай, жанымда жатып калды. Өз апам каралашканы келген, “ушундай кайын сиңдиң турганда, керегим жок экен”,-деп кетип калды.

Балам ыйлаак. Колдон түшпөйт. Эч нерсеге жетишпейм. Күйөөм кечке чейин жумушта. Кечинде келип жатып калат. Дем алыш күндөрү уктайт. Баланы берсем, бир мүнөткө жетпей көтөрүп келет.

Кайын сиңдим келип калды. Балам чаңырып ыйлап жаткан. Үйдүн абалы бомба түшкөндөй эле. Байкеси телефон чукулап отурган. “Жеңе, тур уктап алыңыз, мен өзүм бүтүрөм”,-деп мени уктоочу бөлмөгө киргизип койду. Түнү менен уктабай чыккан жаным, башым жаздыкка тиери менне көзүм илинди.

Канча саат уктаганымды билбейм, ойгонсом кайын сиңдим менен күйөөм божурашып жатыптыр.

- Эмнеге жеңеме жардам бербейсиз?

- Жумуштан чарчап келдим.

- Жеңем сизден он эсе чарчайт.

- Анан эмне кыл дейсиң, иштебей үйдө отуруп алайын.

- Иштеңиз, бирок бала сиздики экенин дагы унутпаңыз.

- Муну менен эмне дегиң келип турат?

- Ушул күндөн баштап, күн сайын кудайдан байкеме окшош күйөө бер тиленем. Жеңеме кандай мамиле кылсаңыз, болочок күйөө балаңыз мага ошондой мамиле кылат. Бир нерсе болсо, сиз күнөөлүү болосуз. 

Күйөөм жүз градуска өзгөрдү. Жумуштан келери менен баланы алат. “Тамак жасабай эле кой, бир нерсе алып баратам”,-деп чалып коет. Дем алыш күндөру салондорго жөнөтүп, баланы өзү алып калат. Түндөсү бала ыйласа мен турчум эле, эми ал турат. Ачылып баштаганымды көрүп, сүйүнгөнүнөн өпкүлөп жиберет. Кыскасы, кайын сиңдимдин бир сөзү баарын өзгөрттү.

Жыпар, жеңең сени аябай жакшы көрөт. Рахмат сага жөжөм.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт