// //

Башаламан жыныстык катнаш аркылуу жуккан гонорея тууралуу 6 факт

2021.11.24, 12:35
1986

Салам достор! Бүгүн силерге жыныстык жол аркылуу жугуучу венерикалык оорулардын ичинен эң көп кездешкен - гонорея оорусу тууралуу 6 кызыктуу факт айтып беребиз. 

1-ФАКТ

Гонорея байыркы грек сөзү, бизче которгондо “урук суюктугу” дегенди билдирет. Оорунун козгогучу – гонококк микробу.  Гонорея жыныс органдарынын былжыр челин сезгендирет.

2- ФАКТ

Эң көп  - баш аламан, кокусунан жана коргонуусуз жыныстык катнаш (оралдык, вагиналдык жана аналдык) аркылуу жугат.

3-ФАКТ

Оорунун белгилери эркек менен аялдарда ар түрдүү болот. Эркектердин жыныс мүчөсүнүн заара чыгаруучу каналы кыска болгондуктан, көпчүлүк учурда оору жуккандан эки-үч күндөн бир жумага чейинки убакыт аралыгында кычышып, ачышып, тез-тез заара ушатканы чуркап жана көгүш түстөгү ириң суюктугу келе баштайт.

4-ФАКТ

Аялдардын 60-70%ы ооруп калганын сезбейт жана оорунун симптомдору 2-3 жумага чейин аныкталбай жүрө бериши ыктымал. Аялдарда курч кармаган түрүндө жыныс кынына ириң суюктугу бөлүнүп чыгат, ичинин төмөн жагы, бели оорутат, табарсыгы сезгенип, бат-бат заара кылат жана дене табынын көтөрүлүшү байкалат.

5-ФАКТ

Гонорея эркектердин жыныс мүчөсүнүн каналдарын гана жабыркатпастан, козгогуч микроб өйдө көтөрүлүп, простата бездерин, табарсыкты жана бөйрөктү сезгентиши мүмкүн. Ошондо дагы дарыланбай жүрө берсе, өнөкөт ооруга айланып, жүрөк кан тамыр, муун ооруларын пайда кылат, энеден балага жугушунун тобокелчилигин жогорулатат жана ымыркайдын тубаса оорулар менен төрөлүшүнө себепкер болот. Эң коркунучтуусу тукумсуздукка алып келет.

6-ФАКТ

Гонореядан дарыланып бүткөндөн кийин деле кайрадан жугузуп алуу коркунучу жогору. Ар дайым ден соолукка кам көрүп, жыныстык катнашка жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарыл.

Узак, моногамдуу, бир өнөктөш менен жыныстык мамиле куруу жана презервативди ар дайым жана туура колдонуу зарыл. Презерватив бул гонореяны эле эмес башка жыныстык жол аркылуу жугуучуу ооруларды, ВИЧ инфекциясын жана дагы пландаштырылбаган кош бойлуулуктуу алдын ала алчу каражат. Андыктан, презервативди ар дайым жана туура колдонуу керек.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт