Бензин ичпеген электромобилдерди кантип лизингге алса болот?
Бензиндин кымбатташы, шаардагы түтүн көйгөйү электромобилдерге болгон суроо-талапты көбөйттү. Барган сайын айдоочулар электромобилдерге кызыгып калышты. Анын үстүнө бул унаалардын баасы арзан болуп баратат. Бул тенденция өнөр жайдын активдүү өсүп, өнүгүп жаткандыгынан кабар берет.
Эмне үчүн электромобил сатып алуу керек? Келиңиз артыкчылыктарын биргеликте карап көрөлү.
Экология жана айлана-чөйрө
Электромобилдер зыяндуу газдарды бөлүп чыгарбайт, демек айлана-чөйрөнү булгабайт. Бул өзгөчөлүгү бензин же дизел менен иштеген кадимки унаалардан алда канча жогору кылат.
Ыңгайлуу эксплуатация
Электромобилде күйүүчү майлар жок жана кыймылдаткыч бөлүктөрү бензин менен дизелдик кыймылдаткычтарга караганда алда канча аз. Электр унаасын заряддоо үчүн атайын май куюучу жайга баруунун кажети жок. Аны үйдөгү электр розеткасынан эле кубаттоого болот.
Тынчтык
Электромобилдерден ашыкча үндөр чыкпайт, айдап баратканда тынч. Батарейкаларынын полдо жайгашуусу унааны тең салмактуулук менен камсыз кылат, татаал бурулуштарда аны оңой башкарууга жардам берет.
Планетабыздын экологиялык коркунучун эске алганда, транспорттун келечеги электромобилдер болот деп ишенимдүү айтсак болот. Бул электромобилдердин баасынын акырындык менен төмөндөшүнөн, бара-бара алардын саны көбөйөрүнөн кабар берет.
"Айыл Банк" электромобилдерди төмөнкү шарттарда лизингге берет:
Мөөнөтү: 6 жылдан ашык эмес,
Пайыздык чен: сом менен 16%дан, АКШ долларында 9%дан,
Өздүк салым: жалпы наркынын 10% дан,
Натыйжалуу пайыздык чен: сом менен 17,3%дан, АКШ долларында 9,4%дан.
Кошумча маалымат алуу үчүн ab.kg сайтына кирсеңиз же "Айыл Банктын" жакынкы филиалына кайрылсаңыз болот.