// //

Балдарымдын ыйынан, көр тириликтен тажадым. Эмне кылсам болот?

2021.11.22, 10:43
3865

Саламатсызбы! Эки балам бар, кичүүсү 9 айлык. Зериктим. Алыс жактарга кетким келет. Балам ыйлаак. Түндөсү да тынч уктабайт. Майда жумушдарды тынч кыла албайм. Кайын эне, кайын ата жок. Айылда турабыз. Жолдошум жакшы адам. Бирок мени түшүнбөйт. Күндөгү тиричилик, окшош күндөр. Жашаганыбызга 6 жыл болуп жатат. Белек беришти, көңүл көтөрүштү, кино, ресторан дегенди түшүнбөйт же акча короткусу келбейби билбейм. Мен өзүмдү алаксыткым келет. Бир айда бир жолу болсо да көр тириликти унутуп жакшы жерлерге барып, жолдошум балдарым болуп эс алгым келет. Айтсам түшүнбөйт. Жолдошумдун ою акча кетет. Акыркы убакта өзүмдү таштап салдым. Балдардын ыйлаганы, шоктонгону, баарын таштап качып кетсем дейм.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.11.2021, 10:48

Асель Баимбетова 

Психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Алгач эс алышыңыз керек. Кыязы, сиз кичинекей баланын ыйынан тажаган окшойсуз. Демек, эң биринчиден жакшылап уктап, эс алуу зарыл. Андан кийин гана эмне кылуу керек деген варианттарды издеңиз. Анткени чарчаган абалда жашоодон эмнени каалап жатканыңызды түшүнүү абдан кыйын болот.

Мүмкүн болсо, үйүңүзгө барыңыз, ата-энеңиз, бир туугандарыңыз жардам берсе, кичине уктап, өзүңүзгө келип аласыз. Оюңузду топтоп, анан жашооңузду өзгөртүүгө киришесиз.  

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт