Апам алдамчыларга акча салып алданды. Эмне кылсак болот?
Саламатсызбы! Апам телеграммдагы алдамчыларга 3000 салып алданып калды. Маалыматтары бар ал аялдын. Өзү Россияда, бирок номери жок. Эмне кылсак болот?
Жаңыл Алымкул кызы
Юрист
Саламатсызбы! Ооба, учурда интернеттин өнүгүшү менен, интернет алдамчылык да көбөйүп жатат.
Апаңыз мындай кылса болот:
1) Кайсы банк, карточка менен которду эле? Дароо ошол банкка кайрылып, туура эмес номерге акча которуу болуп калганын кабарлоо керек. Банк тиги тарапка акчаны чыныгы ээсине кайтаруу тууралуу расмий билдирүү жөнөтөт.
Ачыгын айтканда бул эми формалдуулук гана. Алдымчылар банктан расмий кат алаар менен тилекке каршы акчаны кайтарып бере койбос.
Бирок, бул документ сотко кайрылууда керек болот.
2) Кийинки кадам милицияга кайрылуу керек. Анын үстүнө апаңызда тиги аял тууралуу маалыматтар бар экен. Бул жерде да ачык белгилей кетчү нерсе - 3000 сомду деп милиция кызматкерлери алдамчылык боюнча иш козгоп жиберишпеси анык. Эгерде ал аялдын үстүнөн ушуга окшогон дагы бир топ даттануу келген болсо - анда иш козгошот.
3) Биринчи дагы, экинчи дагы аракеттер жыйынтык бербесе сотко кайрылуу керек. Сотко доо арыз жазганда сотко чейинки процедура катары банкка дагы, милицияга дагы кайрылганыңыз тууралуу документтерди тиркөө кажет.
Соттошууга кеткен чыгым, ошол 3000 сомдон ашып кетээри айкын. Бирок, уткан соң, кеткен чыгымдын баарын тигил тараптан өндүрсө болот.
Албетте, мунун баары акча менен нервден тышкары убакытты да талап кылат.
Мындан ары капчыгыңыздар дагы, дениңиздер дагы сак болсун!
Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.