Күйөөм Москвада жүргөндө кайын эжем үйдөн кууп чыкты. Кантип алимент өндүрөм?
Саламатсызбы! Күйөөм Москвада. Мени кайын эжемдер үйдөн кууп чыкты. Азыр төркүнүмдөмүн. Балдарымын туулгандагы тууралуу күбөлүктөрү, ЗАГС кайын эжемде, бербей жатат. Кантип алимент өндүрсөм болот?
Жаңыл Алымкул кызы
Юрист
Саламатсызбы!
Бул жерде 3 маселе бар экен:
1) Кайын эжеңиздин сизди үйдөн кууп чыкканы боюнча
2) Документтерди кайын эжеңиз бербей жатканы
3) Алимент өндүрүү
1) Биринчи маселе боюнча тактай турган пункттар бар:
- кайын эжеңиз сизди өзүнүн үйүнөн кууп чыктыбы?
- же жолдошуңар экөөңөрдүн үйүнөн ал жок деп кууп чыктыбы?
Эгер экинчиси болгон болсо анда дароо милицияга кайрылыңыз. Андан тышкары, жолдошуңуз мындай көрүнүшкө эмне дейт? Кабар бердиңизби? Колдоо болсо да, болбосо да өзүңүздүн жеке чек араңызды коргоңуз дегим келет.
2) Экинчи маселе боюнча:
ЖААК органына барып күбөлүктөрдүн дубликаттарын алып алсаңыз болот.
3) Үчүнчү маселеге келели:
Алимент өндүрүү үчүн жоопкер (жолдошуңуз) жашаган аймактагы сотко "алимент өндүрүү боюнча доо арыз" жазып кайрылуу керек. Бирок, эгерде алимент алуучу тараптын колунда кичинекей балдары бар болсо, же кайсы бир жүйөлүү себептер менен жоопкер жашаган аймактагы сотко барууга мүмкүндүк болбосо анда КР Жарандык процесстик кодексинин 31-беренесине ылайык, өзү жашаган райондогу сотко кайрылууга укуктуу.
Андыктан, сиз өзүңүз жашаган райондогу сотко кайрылсаңыз болот. Бирок, сиздин жолдошуңуз учурда Москвада болгону үчүн процесс бир азга узайт.
Алимент өндүрүү үчүн нике күбөлүктүн кажети жок. Төмөнкү документтер керек:
1) балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү (көчүрмөлөрү);
2) өзүңүздүн паспортуңуздун көчүрмөсү;
3) жашаган жерде катталбаган болсоңуз, маалымдама.
Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн көчүрмөсүн алуу да мүмкүн болбогон болсо, анда доо арызды аларсыз деле бериңиз. Бирок, доо арызга сөзсүз түрдө өтүнмө жазып тиркеш керек болот.
"Далилдерди талап кылуу боюнча өтүнмө" жазасыз. Өтүнмөдө күбөлүктөрдүн түп нускасы ошол кайын эжеңизде экенин кабарлайсыз. Сот сиздин өтүнмөнүн негизинде КР Жарандык процесстик кодексинин 66-беренесине ылайык кайнежеңизден ал документтерди талап кылат.
Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.