// //

Карап отуруп эле баарын үйрөнүп алган күйөө баламды жакшы көрөм

2021.11.15, 16:23
3647

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Жакиш, эй Жакиш, Жакиш дейм?

- Ай эмне болду? Кудагый сүйлөп жатат, жөн отурчу.

- Кызыбызды таштагым келбей жатат. Кайра алып кетип калсакпы?

- Атасы, ошентип дагы айтасыңбы. Жөн отурчу.  

Кызыбызды турмушка узатып жатканбыз. Тоюнда отурган элек. Кызымды эч таштагым келбей, ичимден ыйлап жаттым. 

Эми эртең менен кимди ойготом, кимге жол кире таштайм, кимди окуусуна чейин таштап коем, кайра күтүп алам... Кызымдын жоктугун алдын ала эле сезе баштадым. Үйгө баргым келбеди. Ак жоолук салынып, ары-бери чуркап жүргөн кызымды чөнтөгүмө салып алып качып кетким келди. Бирок, атасы өз баласынын сүйүүсүнө, бактысына каршы чыга албайт. Көзүмдү жашка толтуруп гана тиктеп отурдум. 

Өзүм устамын. Колумдан баары келет. Буйрутма алып иштейм. 

Күйөө балам оюмдагыдай эмес болчу. Эми кара жумушту билбейт дегеним. Ак көйнөк кийип иштегендерден. Тиги жумушу жабылып калса кызымды бага алат бекен деп кабатырмын. Адашыпмын. 

Үйгө келген сайын жанымдан чыкпайт. Бир нерсени көрсөтүп койсом, дал ошондой кылып жасайт. Мени карап отуруп эле баарын үйрөнүп алыптыр. Дем алыш күндөрү келип кол кабыш кылып кетет. Күйөө балалуу болгондон кийин буйрутмаларымды дагы тез бүтүрчү болдум. Башында ишенбей жанында карап турчумун. Азыр болсо муну минтип кылып кой деп кетип калам. 

Элпек жигит экен. Аялым экөөбүзгө көрсөткөн сыйын айтпай эле коеюн. Кызымды сагынганымды билет окшойт, бат-баттан үйгө келишет. Кызыма кылган мамилеси дагы сонун. Аны көрүп ар бир ата сүйүнөт. Менден көп нерсе үйрөнгөнүн айтат. Кыскасы күйөө балам мыкты чыкты. Азамат жигит экен. 

Билесиңерби, мен бул нерседен, адамды жакшы билбей туруп чечим чыгарбаш керек экенин үйрөндүм. 

Тойдо кызымды алып кетпей, таштап койгонума сүйүндүм (күлүп). 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

 

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт