// //

Күйөөм эки кызына 3800 сом алимент төлөйт. Кантип көбөйтсөм болот?

2021.11.15, 10:39
799

Саламатсызбы! Мүмкүн болсо мага консультация алып берип кое аласызбы. Мен күйөөм менен ажырашкам. Ал мени таштап, Москвадан үйлөнүп алган. Анан 6 жылдан бери эки кызга 3800 сом алимент төлөйт. Ажырашканымдан бери ошол алименттен башка эч жардам бербей келет. Кыздарынан да эч кабар албайт. Азыр эки кызым окуп калган. Бала чоңойгон сайын чоң акча кетет экен. Ошого алиментти көбөйтүүгө болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.11.2021, 10:41

Жаңыл Алымкул кызы

Юрист

Саламатсызбы! Ооба, болот. КРнын Үй-бүлө кодексинин 124-беренесине ылайык алименттин өлчөмүн өзгөртүү тууралуу арыз менен сотко кайрылууга укуктуусуз.

Сот тараптардын кайрылуусу боюнча алардын материалдык, үй-бүлөлүк, ден-соолук жана башка абалдарынын өзгөргөнүн эсепке алып, алименттин суммасын көбөйтүп, же азайтат.

Негизи мыйзам боюнча 2 балага бардык тапкан кирешесинин 1/3 бөлүгү төлөнөт.
Сиз болсо 6 жылдан бери 3800 сом алат экенсиз.

Андыктан, бул жерде такташ керек болгон жагдайлар бар.
1) 3800 сом деп туруктуу акчалай суммада өндүрдүңүз беле?
2) А эгер туруктуу эмес 1/3 деген өлчөмдө өндүртүп, анан бул башында 3800 сомду түзгөн болсо 6 жыл ичинде айлыктын өзгөргөнүнө жараша бул сумма да көтөрүлүшү керек эле.

Ушул экинчи моментти сот аткаруучуңуз менен байланышып, маселе катары көтөрүңүз.

Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт