Суукта шапкасы жок жүрсөңүз, бул 5 ооруга чалдыгасыз
Эсиңиздеби, апаларыбыз шапкасыз көчөгө чыгарбайт эле. Көрсө, баш кийимди сумкага бекитпей алардын сөзүн угуш керек болчу экен. Анткени баш муздап калса, ден соолукка олуттуу зыян келтирип, бул ооруларга чалдыгуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат тура.
1. Суук тийүү
Калың куртка кийип үстүңүздү жылыттыңыз, бирок шапкаңыз жок дейли. Бул учурда дененин табы тезирээк төмөндөйт. Анткени башта көптөгөн кан тамырлар бар, алар териге жакын жайгашкан жана муздак аба канды тез муздатып, кайра ал муздак денеге кайтып келет. Жыйынтыгында бат тоңосуз, анан суук тийип, иммунитетиңиз түшөт.
2. Чачтын түшүүсү
Баш суукка урунса кан тамырларындагы кан айлануу бузулуп, башка керектүү өлчөмдө кан жетпей, чачың түшүп, курамы бузулат.
3. Отит
Суукта баш кийимсиз сейилдөө кулактын сезгенүүсүн пайда кылышы мүмкүн. Бул оору абдан коркунучтуу жана угуунун начарлашына алып келет.
4. Гайморит
Эгерде сизде отит бар болсо, анда инфекция мурунга кирип, жаак көңдөйүнүн сезгенүүсүн пайда кылуу мүмкүнчүлүгү көбөйөт. Ошондой эле гайморит башка суук тийип калгандан пайда болушу мүмкүн.
5. Нерв оорулары
Иммунитетиңиз начарлап, вирус, бактериялар жабышат, инфекциялык менингит менен нерв ооруларына чалдыгасыз.
Ойлонуп калдыңызбы?! Бул дагы чети эле, сизди коркпосун деп көп ооруларды айткан жокпуз. Эми суукта баш кийими жок жүрбөйсүз деп үмүттөнөбүз.