Жаңы төрөлгөн кызымдын температурасы ылдый болуп жатат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Жараткандын буйругу менен эне статусуна ээ болдум. Кызымдын төрөлгөнүнө эки күн толгондон кийин педиатрга кызымдын саргайып кеткенин айттым. Ал фотого салышымды айтты. Анан сүйрөмө фото берди, эки сааттай салдым. Бирок ошол фотого салгандан кийин кызымдын температурасы 35 градустан максимум 36га чейин гана болуп жатат. Мойнунун, башынын аркасы да тердеп жатат. Төшүмө жаткырып көрдүм болбоду. Бул жактагы врачтрдан канааттандырарлык жооп алалбай жатам. Эмне себептен мындай болушу мүмкүн? Колу жылыбай жатат. Мурда фотого сала элек, 2 күн мурун кызымдын температурасы абдан жакшы болчу. Бугун роддомдо жатканыбызга бир жума болот. Себеби мен эндометрит болуп калыптырмын.
Диляра Искакова
Педиатр
Саламатсызбы! Эгерде баланын температурасы 35ке чейин түшүп жатса, анда бул коркунучтуу симптом болуп саналат. Айрыкча бир жашка чейинки баланын температурасы 35ке чейин түшкөнү кан айлануу системасына терс таасир тийгизет, баланы жоготуп алуу коркунучу бар. Ошол себептен ымыркай баланы мүмкүн болушунча температурасын текшерип туруу керек. Азыркы учурда дагы төрөт үйүндө эндометрит болуп жатканыңызга караганда, балаңыз экөөңөрдө тең кандайдыр бир инфекция бар. Бул учурда баланы толук текшерүүгө алып, дарылаганга аракет кылыш керек. Температура өзүнөн-өзү ылдый түшпөйт. Ооба, ымыркай бала толук жетиле элек болгондуктан, ысык кармасаңыз температусы көтөрүлөт, муздак кармасаңыз түшүп кетиши мүмкүн. Балаңызды текшертиңиз.