// //

Топурак жегим келе берет

2018.01.19, 16:55
2574

Мен аз кандуулук менен жабыркап келем. Кандын таблеткаларын ичкениме карабастан, топурак жегим келе берет. Азыр Москвада иштеп жүргөнүмө байланыштуу, өзүмө караганга убакыт жок. Кантип канымды көбөйтүп, топурак жегенди таштасам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
19.01.2018, 16:57

Жылдыз Токтоналиева

Терапевт

 

Бор, топурак жегиси келип, сырдын жытынын бат-баттан жыттагысы келсе адамдын канында темир азайып кеткендигинен кабар берет. Кандагы гемоглобиндин өлчөмү 130-145 миллиграмм нормалдуу деп эсептелинет. Эгер бул көрсөткүчтөн төмөн болсо, аз кандуулук дартына чалдыккан болот. Кан көтөрүү үчүн дарылар күчтүү болгондуктан, адамдар ичкенден кийин башы айланса, коркуп ичпей же бир жумадай ичип, таасир бербей коет экен деп таштап коюшат. Бул туура эмес. Аз кандуулукту убагында  даарылабасаңыз, тери ооруларына чалдыгасыз, чачыңыз түшөт, тырмактарыңыз сынат, депрессия болосуз, нервиңизге доо кетет. Эң коркунучтуусу кардиомиопатия оорусу пайда болот, келечектеги балаңызга терс таасирин берип, аягы өлүмгө, айыккыс дарттарга алып барышы мүмкүн. Андыктан ден соолугуңузду биринчи орунга коюп, өз алдынча ар нерсе кыла бербестен гематологго, терапевтке барып анализ тапшырып, даарылоо курсунан өтүңүз. Үйдөн туура тамактаныңыз. Курамында эт азыктары, мөмө ширеси жана бозо, гречка сыяктуу азыктарды колдонуңуз. Чайды тамактанып бүткөндөн 2 саат өткөндөн кийин ичиңиз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт