Жигитимди тандасамбы же карьерамдыбы билбей жатам. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Мен да сиздерге кайрылууну чечтим. Кыз үчүн жашоодогу эң маанилүү нерсе эмне? Үй-бүлө же карьера? 21 жаштамын, окууну жакында бүтөм. Андан соң чет мамлекетке чыгайын деп жаткам, бирок, жигитим үйлөнүү сунушун киргизди. Бизге 4 жыл болот жакында, бул аралыкта бири-бирибизди түшүнүп, сыйлашып калган учурубуз. Бирок мен үчүн али убакыт бардай сезиле берет. Үйлөнгүчө жок дегенде келечегибиздин пайдубалын түзүп алгым келет, мисалы жер тилке алып дегендей. Бирок ал чогуу аракет кылабыз деп көнбөй жатат. Үйлөнгөндө эле баары ойдогудай болуп кетпейт да, ал учур башка бойдокчулук башка дегендей. Баш тартайын дейм, бирок андай жигитти эч жактан таппайм. Турмушка чыгайын дейм бирок кыялдарымчы? Эмне кылышты билбей жатам? Силердин көз карашыңыз кандай? Жигитимдин шашып жаткан себеби бойдокчулуктан кыйналдым дейт, ушул чоң себеп экен. "Түз жүргүм келет күнөөгө баткым келбейт" деп, мени да ойго салып койду.
Виталий Пукаев
Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт
Кутмандуу күнүңүз менен! Сиз ар бир адамдын жашоосундагы өтө оор тандоону, тактап айтканда жашооңузду андан ары улантуу жолун тандоону сүрөттөп жатасыз. Жигитиңиз менен болгон мамилеңиз жөнүндө абдан жылуу айтып, чогуу кура турган пландарыңар менен бөлүштүңүз. Ал эми сиз үчүн учурда үй-бүлө куруу приоритеттүү болсо, бул маанилүү.
Жигитиңиз сунуш кылып, буга чейин пландарды түзүп, андан баш тарткысы келбегени үчүн гана эмес, үй-бүлө курууга сиз дагы макул болуп, каалашыңыз керек. Эч кандай басым астында чечим кабыл албаңыз.
Экинчи жагынан, чет өлкөдө окууну улантуу жана карьераңызды куруу мүмкүнчүлүгү да жагымдуу угулуп жатат жана бул багытты ишке ашырууга сизден көп мээнет жана энергия талап кылынат.
Булар таптакыр башка приоритеттер. Ооба, кээде экөөнү тең айкалыштыруу мүмкүн, бирок бул өнөктөш менен сүйлөшүүдө, анын позициясын, келечекке болгон көз карашын жана идеяларын тактоо менен гана чечилиши мүмкүн.
Кандай болгон күндө да өзүңүз гана тандайсыз. Кээде тандоонун кесепеттери убакыттын өтүшү менен айкын болот. Биз тандоо жасоо менен дайыма бир нерсени жоготуп, бир нерсеге ээ болобуз. Кээде биз жакындарыбыздын, досторубузду, адистин колдоосуна муктажбыз. Бул кызыктуу, кооз жана ошол эле учурда кыйын. Бирок жасалган тандоолордун саны бизге тирүүлүктү, бактылуулукту, чоң экенибизди сезүү мүмкүнчүлүгүн берет. Дал ушулар - өзүңүз каалагандай жашоого мүмкүнчүлүк берет.
Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.