Жолдошумдун таежеси үй-бүлөбүзгө аралаша берет. Укугу барбы?
Жолдошумдун апасы каза болгон экен, мага үйлөнө электен мурун. Анан биздин жашоого таежеси, апасынын бир тууган сиңдиси кийлигишип жатат. Жолдошумдун "тапкан акчасы каякта кетти", "эмне кылдыңар", "мындай болду акча жөнөткүлө" деп эле кийлигишип жатат. Акысы барбы таежеси бизге аралашканга? "Сен эчким эмессиң, аралашпа!" дегим келет, ар ким өз жол жолу менен деп. "Ташмат үйлөнгөндөн бери өзгөрдү" деп эле кайын энеден да өтүп баратат текшерип. Жолдошума күндө чалат. Эми болсо жылдыкка кеткен жалпы акчаны экөөң төлөйсүң деп коркутуп жатат? Биз коргонуга укугубуз барбы?
Асель Баимбетова
Психолог
Кутмандуу күнүңүз менен!
Катыңызды окуп чыктым. Бир тарабынан сизди колдогум келип турат. Ошол эле учурда, сиз ал үй-бүлөгө бүлө болуп баргыча, алардын турукташып калган мыйзамдары болгон. Ага ылайык, таежеси жылдык кантип өтөрү боюнча жээнин башкарууга укук алып жатат. Учурда сиз ал үй-бүлөгө адаптация болуу мезгилин өткөрүп жаткандыктан, таежесине эмне деп айтышты билбей турасыз. Адаптациядан өткөндөн кийин, чегиңизди коргоп баштайсыз, буга болгону убакыт керек. Күйөөңүз таежесине антип айтууга жол берип жатса, демек, бул ал үчүн норма болуп саналат. Таежеси тапкан акчасын алып жатса жана күйөөңүз берсе, анда бул нерсени дагы туура көрөт.
Катыңызда күйөөңүзгө, үй-бүлөңүзгө кабатыр болуп жатканыңыз билинип турат. Кабатыр болбоңуз, баары жакшы болот. Күйөөңүздүн дагы өз оюу бар болуш керек, таежесине зыян кылууга жол бербесе керек. Абалды туура түшүнүп, талдоо үчүн убакыт керек. Кабатыр болбоңуз, күйөөңүзгө ишениңиз. Ал чоң киши, акча тапканды билет, эмне кылып жатканын жакшы билиши керек, баарын жөнгө сала алат деп ойлойм. Кийинчерээк экөөң отуруп сүйлөшүп бир чечимге келип аласыңар. Азыр баарын байкап, талдоо жүргүзүп туруңуз.
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.