Мага алимент керек эмес. Аталык укуктан ажыратсам болобу?
Ажырашканыма көп болду. Алимент керек эмес албайм, бирок аталык укуктан ажыратсам болобу? Бир да жолу балдарды сурабады. Аталык укуктан ажыратуу үчүн сөзсүз андан макулдук алышабы? Сот эле чечип койсо болбойбу? Кечээ өзүн таап "одноклассниктен" жазсам өлгүдөй урушуп салды. Эмнеге аял кишилердин укугу корголбойт? Ал бизди канчага чейин басынтат? Балдарымы кантип өз фамилияма өткөрөм?
Жаңыл Алымкул кызы
Юрист
Саламатсызбы!
Ата-энелик укуктардан ажыратуу жөнүндөгү иштерди кызыктар тараптын кайрылуусу боюнча сот чечет. Бирок, милдеттүү түрдө прокурордун жана ошол аймактык бөлүмдөгү балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адисинин катышуусу менен каралат.
Бул үчүн мурдагы жолдошуңуздун макулдугу керек эмес. Эгерде жүйөлүү себептер болсо, макул-макул эместигине карабай сот аны аталык укуктан ажаратууга укуктуу.
Жүйөлүү себептер дегенде, мисалы, КР үй-бүлө кодексинин 74-беренесине ылайык, эгерде ата-эненин бирөөсү балага зөөкүрдүк жасап, физикалык жана психологиялык зыян келтирсе, аракечтик же баңгиликке берилип кетсе, же багуудан, камсыз кылуудан баш тартып жатса деген сыяктуу орчундуу себептер болушу керек.
Ошол аталык укуктан ажыратуу тууралуу берген арызыңызда балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн анын атын алдырып салуу боюнча талап көрсөтүп, кийин ал чечим күчүнө кирген соң балдарды өз фамилияңызга өткөрүп алсаңыз болот.
Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.