ЗАГС кыркылгандан кийин канча күндө күчүнө кирет?
Саламатсызбы! ЗАГС кыркылгандан кийин канча күндө күчүнө кирет? Мен башка турмуш куруп, жакында төрөгөм. Балага күбөлүк алалбай жатабыз. Кандай кылса болот?
Жаңыл Алымкул кызы
Юрист
Саламатсызбы!
1) Эгерде мурдагы жолдошуңуз менен ортоңуздарда жашы жетпеген бала жок болсо анда, ЖААК ( Жарандык абалдын актыларын жазуу) органына чогуу арыз жазып калтырган күндөн 1 ай өткөндөн кийин никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк берилет.
( негиз: КР Үй-бүлө кодексининин 20-беренеси, КР "Жарандык абалдын актыларын жазуу" жөнүндө мыйзамынын 26-беренеси)
2) Эгерде, ортодо жашы жетпеген бала, же мүлк талашуу маселеси жаралып, сот аркылуу ажырашууга туура келсе, анда соттун чечими чыгып, 30 күндө күчүнө киргенден кийин ошол чечимди ЖААКка алып барып, андан соң никенин бузулгандыгы тууралуу күбөлүк ала аласыз.
(негиз: КР Үй-бүлө кодексининин 22-23-24-26 беренелери, КР "Жарандык абалдын актыларын жазуу" жөнүндө мыйзамынын 28-беренеси)
Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.