Күйөөм кызыбызды башка аялга жаздырам деп жатат. Эмне кылсам болот?
Мен 11 айлык кызымды атасына таштап Москвага келдим. Ал эми башка аялды үйгө алып келип, анын атына метрика алам деп жатат. Ошондой кылса болобу? Мен өзүм карайм, бербейм десем, болбой жатат. Өздөрүнүн атына алып алса, сотко кайрылсам болобу?
Жаңыл Алымкул кызы
Юрист
Саламатсызбы!
КР "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзамынын 13-беренесине ылайык ЖААК органынан балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алыш үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
1) Медициналык мекеме тарабынан берилген баланын туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк;
2) Жубайлардын нике күбөлүгү;
3) Жубайлардын паспорту.
Жолдошуңуз кызыңызга туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн барганда жогоруда айтылган документтерди тапшырышы керек болот. Ал жакта болсо энеси катары сиздин атыңыз жазылган. Ошон үчүн ЖААК органы сиз айткандай жолдошуңуздун "экинчи аялын" сиздин кызыңыздын энеси катары жазып коё албайт.
Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.