Көп жыл аралыктан мамиле курган жигитке турмушка чыксамбы же жокпу?
Мен көптөн бери аябай кыйналып жүрөм. Психологго кайрылсамбы дегем. Мен 3 жылдан бери бир жигит менен сүйлөшүп келем. Экөөбүз тилекке каршы алыстан көбүрөөк сүйлөштүк. Ал быйыл Кыргызстанга келип үйлөнөм деген. Бирок биз ойлогондой болбой калды. Баягы эле түндүк-түштүк маселеси козголуп, менин ата-энем каршы чыкты. Акырында ортодо бизге карата көп бузуулар болуп, суйлөшпөй калдык. Бирок мен аны жакшы көрөт экенмин. Унута албай кыйналып жүрөм. Ортодо башка бала менен таанышып көрдүм. Ал мени жакшы көрүп аябай аракет кылды. Көңүлүмдү алып күндө шириндиктерди сатып келет, кайда барбайын жеткирет. Бирок көңүлүмө такыр жакпады. Акыры ал менен да мамилемди токтоттум. Азыркы учурда мурунку сүйлөшкөн жигитим менен сүйлөшсөмбү дейм, бирок коркуу алдында турам. Ал мени тиги баладай баалай алган жок. 3 жыл сүйлөшсөк да, бирок ал жакшы көрөрүнө ишенем. Кандай кылсам? Жардам бериңизчи, башым катып калды. Анткени ортодо көп уруш, келишпестиктер болгон. Бирок ошого карабай бири-бирибизден кол үзүп кете албай жатабыз.
Асель Баимбетова
Психолог
Кутмандуу күнүңүз менен!
Катыңызда жигитиңиз менен болгон мамилеңиз жана ал көп учурда аралыктан болгонун жазыпсыз. Адатта аралыктан мамиле курганда, адамдын өзүн эмес, ал тууралуу өзүбүз түзүп алган образды сүйөбүз.
Экинчиден сүйүүнүн артынан барсамбы же тиги экинчи жигиттин камкордугуна жооп берсемби деп бир чечимге келе албай жатасыз. Бул жерден психологго кайрылып, өзүңүз так эмне каалап жатканыңызды аныктап алсаңыз болот. Анткени өз тагдырыңызды өз алдынча чече албастыгыңыз катта көрүнүп турат.
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.