// //

Бул 4 себеп кулак эмнеге зыңылдайт экенин билдирет

2021.10.25, 14:54
1125

Салам достор! Бүгүн мен силерге эмне үчүн кулак зыңылдайт экенин айтып берем. Эскерте кетейин, себептери абдан көп, мен болгону бешөөнү санап өтөм. Так диагноз койдуруу үчүн отоларинтологго кайрылыңыз. Кеттик анда.

1. Гипертониялык оору

Эмне үчүн зыңылдайт? Баш мээнин кан тамырлары, арткы кулак артериялары карышып, артериялар ичкерип, мээге кислород жетпей калат.

Кантип зыңылдайт? Бир кулак же экөөндө тең жүрөктүн кагышындай пульсацияланган добуш чыгат.

Эмне кылуу керек? Терапевтке же кардиологго кайрылуу.

2. Мээнин, уйку жана омуртка кан тамырларынын атеросклерозу

Эмне үчүн зыңылдайт? Мээ артерияларынын ичиндеги холестериндик “бляшки” кан кыймылына тоскоолдук жаратып, кулак ичинде ызы-чууну пайда кылат.

Кантип зыңылдайт? Башта жана кулакта дайыма же мезгил-мезгили менен ызы-чуу пайда болуп, баш айланышы да мүмкүн.

Эмне кылуу керек? Терапевт же неврологдон консультация алуу.

3. Остеохондроз

Эмне үчүн зыңылдайт? Остеохондроз же омуртканын моюн бөлүгүндөгү башка өзгөрүүлөр, бир же эки омуртка аретияларынын гипоплазиясы кан агымынын бузулушуна алып келиши мүмкүн. Адатта, кулактын зыңылдашы, баш айлануу, кыймыл-аракеттин бузулушу, көздөгү бүдөмүк менен коштолот.

Кантип зыңылдайт? Ачык эмес, шаңгыраган ызы-чуу.

Эмне кылуу керек? Бейтапканага кайрылып, толук изилдөөдөн өтүү керек.

4. Баш – мээ жаракаты

Эмне үчүн зыңылдайт? Мээнин шишип кетиши кулакты зыңылдатышы мүмкүн. Бул учурда кусуу, баш айлануу, жүрөгү айлануу, баш оору, көрүүсү начарлоо сыяктуу белгилер байкалат.

Кантип зыңылдайт?  Кулакта ышкырык же чыйылдаган сымал үндөр пайда болот.

Эмне кылуу керек?  Дароо дарыгерге кайрылып, угууну толук изилдөөдөн өткөрүү керек.

Ошондой эле, баш мээ шишиги, отит, аз кандуулук, эндокриндик оорулар, психикалык жана физикалык чарчоо ж.б.кулакты зыңылдатышы мүмкүн. Так себебин аныктоо үчүн сөзсүз дарыгерге кайрылуу керек.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт