Зордуктоо боюнча арыз канча күндө каралып, күнөөлүнү канча күндө кармашат?
Саламатсызбы! 6-октябрда укук коргоо органдарына тааныш бала эркиме каршы зордуктаганы үчүн арыз жазып, экспертизадан да өткөм. Бирок ушул убакка чейин эч кандай чара көрүлө элек. Тергөөчүгө чалсам "өзүбүз сизге байланышабыз" деген гана жоопту айтып жатат. Негизи арыз канча күндө каралып, күнөөлүнү канча күндө кармашат?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 151-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде, милиция кандай гана болбосун жасалган кылмыш жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алууга жана каттоого милдеттүү. Арыз ээсине арызды же билдирүүнү кабыл алган адамды көрсөтүү менен арыздын же билдирүүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган убактысын жана каттоо номерин көрсөтүү менен кылмыш жана (же) жоруктун катталгандыгы тууралуу документ берилет.
Демек, сизде арызыңыз кабыл алынгандыгы жөнүндө документ болуусу керек. Эгерде сизге карата кылмыш кылган адамга карата шектенүү жөнүндө тергөөчү кабарлама берген эмес болсо, ишти тергөөгө атайын коюлган мөөнөт жок. Ошондуктан тергөөчү кылмышты бетин ачуу үчүн аракет кылуусу керек.
Ишиңиз боюнча сиз өтүнүч менен тергөөчүгө кайрылсаңыз болот, ал эми өз өтүнүчүңүздө кылмыш кылган адамды камакка алууну сурансаңыз болот. Сиздин бул өтүнүчүңүзгө тергөөчү үч күндүн ичинде жооп берүүсү керек. Ошондой эле сизге жакшы жактоочу жалдооңузду сунуш кылам.