Эмчегимден сүт чыкпай жатат. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Төрөгөнүмө эки күндөн өтүп калды. Эмчегимден сүт чыкпай жатат. Эмне кылсам болот?
Аида Осомбаева
“Medcenter.kg” медицина борборунун адиси, маммолог
Саламатсызбы! Бул сиздин биринчи балаңыз окшойт. Ошондуктан башында сүт азыраак келип жаткандай сезиле берет.
Баланы мүмкүн болушунча көбүрөөк эмизе бериңиз. Биздин организм ушундай түзүлгөн, канчалык көп эмсе, ошончолук көп сүт иштелип чыгат. Эмчегим бош, деп эмизбей койгон болбойт.
Сааганда же молокоотсос менен колдонгондо бир аз эле сүт чыгат, бирок бала эмгендей көлөмдө бир да молокоотсос чыгара албайт. Болгону азыр бала кичирээк, жана алсыз, тез эле чарчап калып жатат. Эгер смесь берип көндүрүп койсоңуз, кийин эмчек эмбей коюшу мүмкүн. Себеби бөтөлкөнүн соскасынан сүт оңой эле чыгат, эмчек эмгендей аракет кылуунун зарылчылыгы жок. Наристе ошого көнүп, оңой тамакка качыра баштайт.
Сизге бир гана кеңеш бере алам: көбүрөөк эмизиңиз.