// //

Атам алты баласын "үй-бүлө кур" деп эмес, минтип айтып чоңойткон

2021.10.15, 16:53
5481

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Биз алты бир тууганбыз. Мен төртүнчү баласымын. Бүгүн мен силерге өз атама болгон ыраазычылыгымды айтып бергим келди. Сөзүм кыска, бирок нуска болот. Өзүм көп сүйлөгөндү жактырбаган жигитмин. 

Эс тартканда гана ата-энем кандай алтын киши экенин билдим. Эми кичинебизде эмнени аңдамак элек, туурабы? Бир жолу дагы көтөнүбүзгө чапкан жок, катуу сөз айткан жок.

Эсимде, көчөдөн балдар мушташып кетип, бир баланы сабап салдым. Үйгө мактанып кирип келдим. Ошондо атам капа болду.

- Уулум ал бала сага жооп кайтардыбы?

- Жок. 

- Жооп кайтара ала турган абалда беле?

- Жок, ата, ал менден кичинекей, мага алы жетмек эмес.

- Анда уулум сен эрдик эмес зомбулук жасап келипсиң. Сага жооп кайтара албаган адамга кол көтөрүү бул зомбулук балам. Көңүлүмдү ооруттуң уулум. 

Эртеси сабактан келатып ал баланын үйүнө кайрылып кечирим сураганымды билем. Бирок, ал эч нерсе дебей чуркап кеткен. 

Эжелерим туугандарыбыздын айтуусу боюнча өтө эле кеч турмушка чыгышты. Окуп, иштеп, жер көрүп, кыскасы, жыргап жүрө беришчү. Атам менен апам эч нерсе дешчү эмес. 

Апам каза болуп калды. Бул үй-бүлөбүз үчүн чоң трагдеия болду. Ошондо дагы атам сынып калбай, эки карындашым алыска окууга кетмек, алардын керектүүлөрүн чогултуп, баары жакшы болорун айтып узатты. Алар экөө тең барбайбыз, атамдын жананды болобуз деп калышкан эле. 

"Балдарым силер бактылуу болушуңар керек, калганы маанилүү эмес", "сен бактылуусуңбу", "ошону кылсаң бактылуу болоусуңбу", атам бизди башкаларга окшоп эмес, ушинтип айтып чоңойтту. Алтообуз үчүн баарынан маанилүүсү бактылуу болуу эле. Бул нерсени башыбызга катуу сактап алганбыз. Ишенесиңерби, чынында эле жардам берди. Биринчи орунга өзүбүздүн бакытты койгонду үйрөндүк. 

"Сен бактылуу болушуң керек!" Атам күн сайын ушинтип айтат. Азыр дагы неберелерине ошентет. 

Ата, бизди бактылуу болууга, өзүбүз тандаган кесипти аркалоого, жактырган жумушубузда иштөөгө үйрөткөнүңүз үчүн чоң рахмат. Бизди чектебей колдоп, ишеним көрсөткөнүңүз үчүн чоң рахмат. Апам экөөңөр бир карысаңар сонун болмок эле, аттиң... Бир дагы жолу "качан күйөөгө тиесиң" же "качан үйлөнөсүң" дебегениңиз үчүн чоң рахмат. Мен сизди жакшы көрөм ата. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт