// //

Үйгө нан көтөрүп келбеген күйөөм менен ажырашсамбы же жокпу?

2021.10.13, 12:28
979

Саламатсызбы! 16 жаштагы кызым бар, ажырашкам. Атам катуу ооруп, төшөктөн турбай калды. “Тирүү кезимде турмушка чык” дегенинен, атамды ыраазы кылуу үчүн бир жигит менен тааныштым. Намаз окуйт экен. Мен ыймандуу болсо керек деп ойлогом. Аны жакшы тааныбай эле турмуш курдум. Атам бир айдан кийин каза болду.

Күйөөм жакшы адам эмес экен. Боюмда болду. Төрөткө жакын балага, мага кийим кече алып берүүсүн айттым. Уруш чыгарды. Акыры балага алды, мага албады. Айла жок апам халат алып берди. Бул көйгөй чети эле.

16 жаштагы кызымы жаныма алдым. Үйгө нан алып келбейт. Айылдан апамдыкынан ташып тамак жейбиз. Күйөөм жүк ташып иштейт. Жумушу жакшы. Машинасы бар. Мен үйдө отурганым үчүн, үйү анын үйү экенин айтып турат. Коммуналдык кызматтарды төлөгөнгө келгенде чекти карап, ошого жараша акча берет. Помидор, бадыраң алып кел десең, “жебей эле койчу” дейт. Көңүлүм ооруп жүрөт. Туугандар тойго чакырса барбайм.

Кыздуу болдук. Ал үчкө чыгып калды. Аны бала бакчага берели десем, акча бербей койду. Өзүм жумушка орношуп, анан киргиздим. Үйдү ремонттойлу десем дагы болбойт. Турмушубуз кандай болот билбейм. Ооруп дагы калдым, киста болуп операция жасаттым. Операцияга акча бербеди, майда-чүйдө дары эле алып берди. Күндө уруш. Ажырашайын десем кызым бар. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.10.2021, 12:43

Асель Баимбетова 

Психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Катыңызды окуп чыккандан кийин, менде ар кандай сезимдер пайда болду: боор оору, таң калуу ж.б. Сиз бой жеткен чоң эле адамсыз, 16 жаштагы кызыңыз бар экен, ошол эле учурда күйөөңүздөн көз карандысыз. 

Менин оюмча, сиз өсө турган мезгилге келип жеттиңиз, кыздарыңыз жана өз жашооңуз үчүн толук жоопкерчиликти алып, көз карандысыз болуп, өзүңүз каалаган нерсени сатып алуу үчүн, колуңуздан келген жумуш издей баштаңыз.

Бишкек шаарынын мэриясынын астында жумушсуздар үчүн бекер окуу курстары бар. Ал жерге барып кайрылсаңыз, акысыз курстарды окуп, бир кесиптин ээси боло аласыз. 

Бирөөнү бир нерсе сатып бербегени үчүн күнөөлөп айыптоо, көбүрөөк кичинекей баланын позициясына окшош. Мындай абалда адам өзүн алсыз жана эч нерсе кыла албастыгын сезет.

Мен сиздин көп турмуштук тажрыйбаңыз бар экенине жана потенциалыңыз толук ачыла элегине ишенем. Жок дегенде психологго кайрылып кеңеш алып коюңуз.  Бекер же минималдуу баада кызмат көрсөткөндөрү бар. Ошондо өзүңүзгө болгон ишеним артып, жашоого жана максаттарыңызга карай багыт алып, ыңгайлуу жана жагымдуу жашоого күч аласыз.

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт