// //

"Мама алып кетчи" деп балам ыйлап жатат. Аны күйөөмдөн кантип алам?

2021.10.11, 14:22
1428

Саламатсызбы! Мага юристин кеңеши жана жардамы керек болуп жатат. Турмушка чыкканыма 4 жыл болду. Эки балам бар, кичүүсү 1де, улуусу жакында 3кө чыгат. Жолдошум кол көтөрөт. Кетипк алам, кайра балдар үчүн деп барып жашайм. Бирок, акыры чыдамым кетти, апамды чакырып кетип калдым. Улуу баламды бербей алып калды. "Мама алып кетчи" деп балам сагынып ыйлап жатат. Кантип алам баламды?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.10.2021, 14:24

Жаңыл Алымкул кызы

Юрист

Саламатсызбы! Эгер ортодо баланы талашуу тынч, сүйлөшүү жолу менен чечилбей жатса, анда соттук тартипте чечүүгө болот. Ал үчүн сиз сотко "баланын жашаган жерин аныктоо" боюнча доо арыз менен кайрыласыз.

Доо арызга кошуп баланын сиз менен жашаганы бала үчүн ыңгайлуураак жана жакшыраак экенин көрсөткөн далилдери келтиресиз.

Мисалы:
• туруктуу жашаган жериңиз бар экенин
• кирешеңиздин бар экенин
• иштеген / жашаган жерден мүнөздөмө: сиздин жүрүм-турумуңуздун дурус экенин далилдеген.

Ошондой эле сиздерди жакындан тааныган кишилерди күбө катары чакыртсаңыз да болот. Же болбосо атайын эксперт- психологду чакыртып, баланын ата-энеси менен ортосундагы мамилесине көзөмөл кылып бүтүм чыгарып берүүсүн талап кылсаңыз да болот. Бирок, акыркы 2 пункт шарт эмес.

Күнүмдүк турмушта ата-эненин кимисинин жашоо-шарты өйдөрөөк, жакшыраак болсо, баланы ошол ата-энеге калтырат деген жаңылыш пикир бар. Практикада бала кимге көбүрөөк жакын болсо ошол ата-энеге калтыруу көп кездешет.

Ал эми, жолдошуңуздун сизге кол көтөргөнү бул башка маселе. Бул тууралуу милицияга кайрыласызбы, же жөн гана официалдуу ажырашып кетесизби, бул жагын өзүңүз чечесиз.

Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт