// //

Мыкты фермер Роберт Кадыркулов жамгырлатып суугаруу тууралуу айтып берет

2021.10.08, 15:10
994

"Райымбек" дыйкан чарбасы "Айыл Банк" ААКсынан Zimmatic (Италия) жамгырлатып суугаруучу системасын лизингге алды. Бул чарба 10 жылдан бери "Айыл Банктын" туруктуу кардары болуп саналат, 8 -ирет лизинг алып жатат.

"Райымбек" Чүй облусундагы өсүмдүк өстүрүү жаатында жаңы технологияларды үзгүлтүксүз киргизген ири чарбалардын бири. Чарбанын башчысы Роберт Кадыркулов  чет өлкөлөргө барып тажрыйба алмашып, жаңы маалыматтарга ээ болуп турат. Учурда чарбанын иш процессин жакшыртуу үчүн жерди сугаруунун жаңы ыкмасын үйрөнүүдө.

2015 -жылы Роберт Кадыркулов өлкөдөгү мыкты фермер деп таанылып, президенттин колунан "Айыл чарбасынын отличниги" ардак грамотасын алган.

Чарбанын негизги иши өсүмдүк өстүрүү жана айыл чарба техникасын колдонуу менен кызмат көрсөтүү болуп саналат. Быйыл "Райымбек" дыйкан чарбасы арпа, сафлор, жүгөрү, буудай, сарымсак, беде экти. Фермер өсүмдүк өстүрүүдөн тышкары техниканы ижарага берүү кызматын дагы көрсөтөт.  Жабдуулары жаңы жана заманбап болгондуктан кезекке тургандар көп.

Жергиликтүү дыйкандар Роберт Кадыркуловдон арпанын жана буудайдын үрөндөрүнүн ар кандай түрлөрүн сатып алышат.

"Айыл Банктын" колдоосу менен жамгырлатып суугаруучу системаны лизингге алдык. Азыр жерди сугарып жатабыз. Системанын артыкчылыктары - сууну жакшы үнөмдөйт. Ошондой эле, сугаттын бул ыкмасы өсүмдүктөр үчүн пайдалуу - топурак жана минералдар жуулуп агып кетпейт", - деди Роберт Кадыркулов.

Zimmatic жамгырлатып суугаруучу системасы 274 гектарга эсептелген. Фермер бул жабдууну орнотуу үчүн бардык керектүү нерселерди даярдаган, тактап айтканда, 2020 -жылы трансформатор жана узундугу 1200 м болгон электр зымдарын орноткон. Ошондой эле агрегаттарды, атайын түтүктөрдү жана насосторду сатып алган.

"Талааларды мелиорация кылууну уланта берүүнү пландап жатабыз. Азыр сугаттын абалы өтө оор. Ал эми мындай техниканын жардамы менен сууну үнөмдүү пайдаланып, кургакчылык мезгилде дагы деле жакшы түшүм алалабыз", - дейт дыйкан.

Бул долбоор Жайыл районунда гана эмес, бүткүл Кыргызстан боюнча өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүгө жана жакшыртууга чоң жардам берет. Себеби "Райымбек" дыйкан чарбасы учурда Кыргыз Республикасында башка чарбаларды мелиорацияга үйрөтө турган жалгыз долбоор болуп саналат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт