Он жыл бирге жашаган күйөөм экинчи аял алам деп шок кылды
Саламатсызбы! Жолдошум экөөбүз 10 жылдан бери бирге жашайбыз. Эки балабыз бар. Быйыл жолдошум экинчи аял алам деп шок кылды. Мен макул эместегимди жана мени менен ажырашып ал аял менен жашай беришин айттым. Макул болгон жок. Экинчи аялын таштабай ал менен дагы жүрөт. Эмне кылганың бул десем, эркекчилик дейт. Кеңеш бериңиздерчи.
Айдана Мадишова
Психолог
Саламатсызбы урматтуу окурман! Эгер бирге жашаганыңызга он жыл болсо, бул орто жаш кризиси болушу мүмкүн. Бул учурда жубайлар бири-бирине көңүл бурбай алыстап калышат. Турмуш тирчилик жана балдар деп жубайлар бири-бирине жылуу мамиле кылбай калышат. Жыйынтыгында ажырашуу же "измена" болушу ыктымал.
Бул кризистен чыгуунун жолу үй-бүлөнүн отун кайра жандыруу. Жолдошуңуз менен биргеликте эс алууга чыгыңыз, сезимдериңиз менен бөлүшүңүз, бир-бириңиздерге белек берип, көңүл көтөрүңүздөр. Андан сырткары бат-баттан кучакташып туруңуздар. Бул "телесный контакт" деп аталып бир-бириңиздерге болгон сүйүүнү чоңойтот. Мунун баары эки тараптуу болуусу шарт. Жолдошуңуз менен бул жөнүндө ачык сүйлөшүп көрүңүз.
Үй-бүлөңүзгө бакыт каалайм!
Психолог Айдана Мадишова менен @insight.aidana баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.