Жолдошум чогуу алган батирибизди апасына берерин айтып жатат. Эмне кылам?
Саламатсызбы! Турмуш курганыма 1 жылдан өттү. Кыргыздын баардык чыгымдарын жоюп, калың,сеп, той бербей там салып беребиз деп сүйлөшүлгөн. 5-6 ай өтүп батирлүү болдук. 50%дан ата-энелерибиз алып беришти. Бөлүнгөндө бардык оокат жайымды төркүнүм киргизип берди, сеп бергендей эле. Кайын энем эч нерсе жок бербейм деген. Батирди кайын энем өзүнө каттоону сунуштады, бирок жолдошум болгон жок. Убакыт өтүп тыйын топтоп ремонт кылууну чечип кайра кайын-журтка кайттык. Ремонт кылыш үчүн биз ойлогон акча чекеси эле болуп калды, миллиондон ашык каражат кеткенине карабастан кредиттин үстүнө кредит, карыздын үстүнө карыз алдык. Ремонттун эсептеп келгенде 50% менден чыкты. Мен цехте иштеп айына 50-60 минден табам. Кайын энемдин ортобузга чок салганы түгөнбөй, аябай көп урушуп, ажырашабыз дегенге чейин барып элдешип калдык, бирок ошол жерден жолдошумдун чыныгы жүзүн билдим. Аябай документе так жана документ бүтүргөнгө жолу жакшы. Документтин бир жери туура эмес дегенинен, оңдотуп кел дегем. Башында "договор купли продажи" деп турса техпаспортто азыр "договор дарения" болуп калыптыр. Кодекстен карасам үйлөнгөндөң кийин алынган там болсо, экөөнө тең байланыштуу деп эсептелинет эле, бирок "даренный" болсо бөүнбөйт дегени бар экен. Документте 700 000 сом деп гана жазылган, 2 миллионго алганбыз. "700000 сом жартысын гана берем, эгер баланы төрөп туруп (5 айлык боюмда бар) мага берсең, бербесең жартысын да көрбөйсүң" деп жаткан. "Балага алименты чегерип алам, сен төлөп каласың" дейт. Азыр болсо өз энесине "даренный" кылып берерин, менин ал жерге тиешем, колум кереги жок деп жатат. Кандай чара көрсөм болот? Кантип батирди өзүмө алып, баламды өзүмө гана жаздырам? Кантип жок дегенде толугу менен жолдошумдун кошумчасын төлөп берсем болот?
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Сизге толук жооп беришим үчүн, алгач үйдүн сатып алуу боюнча документтерин карап чыгышым керек. Эмне үчүн жана кантип келишимде "дарения" болуп калганын аныктап чыгуу зарыл.
Эгер сиз айтып жаткандай, күйөөңүз алмаштырып койгон болсо, сатып алуу жана сатуу келишимин күчүндө калтыруу боюнча сотко берип, сот тартибинде "дарения" болгон келишимди бузуу зарыл. Бул жерден адвокат жалдашыңыз керек.
Келишимде үйдүн баасы 700 000 деп турганы менен, бүгүнкү күндөгү так баасын атайын адистер гана айтып бере алат. Аларга кайрылсаңыз, аныктап баасын коюп берет.
Балаңызды алып коет деп коркпой эле коюңуз. Ымыркай эненин кароосуна муктаж, эч ким сизден талаша албайт. Эгер күйөөңүз менен өз ара келише албай жатсаңар, сотко кайрылып, баланын жашоо ордун аныктатып алсаңар болот.