Иним алимент төлөсө ата-энемдин пенсиясына таасири тийбейби?
Саламатсызбы! Менин жалгыз иним бар. Бир уулду болушкан. Бирок келинибиз ажырашууга жана алиментке арыз жазды. Ата-энем бар, пенсия жашында. Эгер алимент төлөсө канча төлөйт? Ата-энемдин пенсияларына тийбейби? Инимдин жер кожолугун атам менен апамдан бөлүп койсок тийбей калабы пенсияларына?
Жаңыл Алымкул кызы
Юрист
Саламатсызбы!
1) Алимент мыйзам боюнча, тагыраак айтканда КРнын Үй-бүлө кодексининин 86-беренесинин негизинде бир балага ата-энесинин айлык акысынын жана (же) башка кирешелеринин баарынын 1/4 бөлүгү алынат.
Ошондой эле, тараптар (келиниңиз жана иниңиз экөөбү) мындай пайыздык өлчөмдө эмес, ай сайын туруктуу бир акчалай суммада алимент төлөө боюнча макулдашып алышса да болот.
Бирок, мындай макулдашуу болбогон күндө деле алимент алуучунун, б.а. келиниңиздин бул укугу сакталып кала берет.
2) Алимент - жеке мүнөздөгү милдеттик-укуктук бир мамиле. Ошон үчүн кимден өндүрүлүп жатса, ошол киши төлөөгө милдеттүү. Башкача айтканда, алимент төлөөчүнүн ата-энесинин кирешесине, пенсиясына тийүүгө жол берилбейт.
3) Жер кожолугу чогуу болгон күндө да ата-энесинин пенсиясына тийүүгө укугу жок.
Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.