Ар кайсы кыздар менен сүйлөшкөн милиция күйөөмдөн тажадым
Азыркы учурда 3 айлык боюмда бар. Турмушка чыкканыма январь айында эки жыл болот. Бир кызым бар. Күйөөм милиция. Ар кайсы кыздар менен сүйлөшөт. Мага көңүл бөлбөйт. Өзү менен өзү, ага жумуш болсо болду.
Кайын энем келгенимден бери жактырбайт. Ар бир кылган ишиме киришет. Күндө уруш. Барынан тажадым. Кетип кайра өзүм келдим. Кетип келдиң деп бетиме салат. Абысынымды мактаганы мактаган. Кичинекей иш жасаса тоону томкоргондой көрүнөт. Күйөөм менен ачык сүйлөшөйүн десем сөздү буруп кача берет. Жашоодон ушунчалык тажадым. Өзүмдүн ата-энем да түшүнбөйт. Мага кандай жардам бере аласыз?
Айдана Мадишова
Психолог
Саламатсызбы урматтуу окурман! Көпчүлүк учурда башкалардын адилетсиз мамилеси өздүк баанын төмөндүгүнөн болот. Өзүңүздү кандай бааласаңыз айлана чөйрөдөгүлөр да сизге ошондой мамиле кылат. Бул учурда өзүңүздү баалап, сүйүп мамиле кылышыңыз керек.
Өздүк бааны көтөрүүнүн ар кандай жолдору бар. Интернет тармактарынан издеп тапсаңыз болот.
Жолдошуңуз менен да ачык сүйлөшүп көрүңүз. Сүйлөшүү учурунда сен күнөөлүүсүң, сен мени баалабайсын деген сыяктуу сөздөрдөн алыс болуңуз. Жөн гана жылуу сөздөр менен түшүндүргөнгө аракет кылыңыз.
Сизге ийгилик каалаймын!
Психолог Айдана Мадишова менен @insight.aidana баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.