// //

Алимент өндүрүү үчүн иштеген жеримен справка алып барсам карабай жатышат

2021.09.27, 14:53
1117

Саламатсызбы! Ажырашып жаткам, сот аркылуу. Өзүм көлдөн болом, бирок Токмок шаарынын соту карап жатат. Алиментти Чүйдүн статистикасын алып чыгарыптыр. Мен иштеген жерден справка алып барсам көңүл бурбай жатышат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
27.09.2021, 15:03

Жаңыл Алымкул кызы

Юрист

Саламатсызбы!

Сурооңузга жооп берээрден мурун тактай кетүүчү жагдайлар бар:

1) Канча бала үчүн алимент өндүрүлүп жатат?
2) Ажырашып жаткан учурда сиз иштечү эмес белеңиз?

Себеби КРнын Үй-бүлө кодексининин 86-беренесинин биринчи пунктуна ылайык
"эмгекке жөндөмдүү ата-энелер үчүн алардын жашы жетпеген балдарына өндүрүп алынуучу алименттин эң аз өлчөмү айына бир балага - бир эң аз эмгек акыдан кем эмести, эки балага - бир жарым эң аз эмгек акыдан кем эмести, үч жана андан көп балага - эки эң аз эмгек акыдан кем эмести түзүшү керек."
Сот ушул нормаларга таянып буйрук чыгарган.

Бирок, эгер сиздин материалдык абалыңыз өзгөргөн болсо, анда сотко алименттин өлчөмүн өзгөртүү боюнча арыз менен кайрылсаңыз болот. Сот аткаруучулар өз алдынча алименттин өлчөмүн өзгөртүп коюуга укугу жок.

Ал эми, Чүйдүн статистикасына карап чыгарылганын себеби - мурдагы жубайыңыз жана балдарыңыз ушул региондо жашагандыгы үчүн.

Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт