Алимент өндүрүү үчүн иштеген жеримен справка алып барсам карабай жатышат
Саламатсызбы! Ажырашып жаткам, сот аркылуу. Өзүм көлдөн болом, бирок Токмок шаарынын соту карап жатат. Алиментти Чүйдүн статистикасын алып чыгарыптыр. Мен иштеген жерден справка алып барсам көңүл бурбай жатышат.
Жаңыл Алымкул кызы
Юрист
Саламатсызбы!
Сурооңузга жооп берээрден мурун тактай кетүүчү жагдайлар бар:
1) Канча бала үчүн алимент өндүрүлүп жатат?
2) Ажырашып жаткан учурда сиз иштечү эмес белеңиз?
Себеби КРнын Үй-бүлө кодексининин 86-беренесинин биринчи пунктуна ылайык
"эмгекке жөндөмдүү ата-энелер үчүн алардын жашы жетпеген балдарына өндүрүп алынуучу алименттин эң аз өлчөмү айына бир балага - бир эң аз эмгек акыдан кем эмести, эки балага - бир жарым эң аз эмгек акыдан кем эмести, үч жана андан көп балага - эки эң аз эмгек акыдан кем эмести түзүшү керек."
Сот ушул нормаларга таянып буйрук чыгарган.
Бирок, эгер сиздин материалдык абалыңыз өзгөргөн болсо, анда сотко алименттин өлчөмүн өзгөртүү боюнча арыз менен кайрылсаңыз болот. Сот аткаруучулар өз алдынча алименттин өлчөмүн өзгөртүп коюуга укугу жок.
Ал эми, Чүйдүн статистикасына карап чыгарылганын себеби - мурдагы жубайыңыз жана балдарыңыз ушул региондо жашагандыгы үчүн.
Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.