// //

Баланы тазалыкка үйрөтүүнүн 8 ыкмасы

2019.02.15, 12:55
3949

Бир нече китептин автору, журналист, котормочу жана үч баланын апасы Ксения Букша балдар менен чогуу үй жыйноонун ыкмалары менен бөлүшөт.

  1. Чачылып турганды дароо жыйноо

Бала мектептен үйгө келип, курткасын бир жерге, сумкасын башка жака ыргытты. Урушуунун кереги жок. Болгону, кийимдериңди ордуларына коюп кой, деп эске салуу керек. Бир нече жолу кайталаш керек болсо деле эринбеңиз. Сиз балаңыздан улуусуз, демек эстүүрөксүз. Сабырдуу болуңуз.

  1. Буюмдарды ордуна кою, жыйноо чоң көйгөй эмес

Балдар үй жыйнаганды кызыксыз жана оор жумуш катары көрүшөт. Сиз бул милдетти оюн катары көрсөтүңүз. “Кел, оюнчуктарды ким биринчи жыйнайт деп жарышабыз?”, - деп сунуштагыла. Бүткөндөн кийин “сен кыйын экенсиң, менден ашып кеттиң. Экөөбүз бир заматта жумуштун баарын бүтүрдүк”, - деп мактагыла.

  1. Бардыгын өзүңөр жасабагыла

Кээде, балдарга айтып отурбай өзүбүз жыйнап койгон тынчыраак жана тезирээк. Бирок, бул жаңылыштык. Бала чачкан жерин наалып, сүйлөнүп, чала болсо дагы өзү жыйнаш керек. Акыры, чачпай койгону туура экенин түшүнөт, жана тазалыкты сактоого үйрөнөт.

  1. Баланын да укугун сыйлагыла

Үйдүн ичинде балага тиешелүү бир бөлмө, бурч же чакан аймак болушу керек. Ал өзүнүн территориясына өзү ээлик кылат жана өзү башкарат.

  1. Таза үйдө жашоо жагымдуу

Үйдөгү аскердей тартипти жана тазалыкты талап кылуунун зарылчылыгы жок. Чогу иш жасоо бардыгыңарга тең кубаныч тартуулаш керек. Музыканы койгула, ырдап, бийлеп үй жыйнагыла. Бир маселени чече албай кыйналып жатсаң, үйдү ирээттеш керек, ошондо мээңдеги ойлоруң да бир нукка түшөт!

  1. Биз үйдүн кожоюнубуз

Үйдү жыйнагысы келбеген балаңыз “мен эмне малаймынбы?”, - деп айтышы мүмкүн. Бул үйдө эч ким малай эмес. Биз бул үйдүн кожоюнубуз. Демек жоопкерчиликтин бардыгы биздин мойнубузда. Балага жасатып коюп өзүбүз телефон чукуп отуруп алганыбыз туура эмес. Чогуу иштеп, чогуу эс алуу керек.

  1. Өзүңөр үлгү болгула

Өзүңөрдүн милдеттериңерди так аткарбай туруп, баладан талап кылуу адилетсиздик жана акылсыздык. Үйдүн таза болушун талап кыласыңарбы, өзүңөр да таза жүргүлө.

  1. Идеалдуу болууга ашыкпаңыз

Сиз тазалыкты сүйөсүз жана сиздин балдарыңыз бар. Сиз тууралуу жакшы бир ой айтылган: “Дени сак психика, идеалдуу тазалык, үйдөгү бала, ушулардын ичинен экөөсүн гана тандап алууга болот”.

Эгер сиз күндө үйдүн тазалыгы тууралуу ойлонуп, чачылып турган буюмдар маанайыңызды бузса, демек сизде көйгөй бар. Тиричиликке жөнөкөй мамиле кылганды үйрөнгүлө. Идеалдуу тазалыкка караганда ортодогу жылуу мамиле баалуу.   

Маалымат Mel.fm сайтынан алынды. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт