// //

Кайын энем атамдын биринчи сүйгөнү болуп чыкты

2021.09.26, 17:05
7675

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш кыздын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

“Сени бирөөгө окшоштуруп жатам.” Жигитим ата-энеси менен тааныштырганы кафеге чакырган. Кирип барсам, кайын энем учурашпай туруп ушинтти. Улам-улам мени карап, бир нерсени эстей албай кыйналып жатты.

Болочок кайын атам менен кайын энем сонун адамдар экен. Кайын атамдын тамашасы бир укмуш. Эгер куудул болсо, эбак дүйнө жүзүнө таанылмак. Кайын энем андан кем калбайт. Каткырып жатып убакыт кантип өткөнүн билбей калдык. Дасторконго бата кылып сыртка чыктык. Ошондо кайын атам сөз баштады.

- Уулум, эгер кызың бизге жаккан жок десек эмне кыласың?

- Эч нерсе. Баары бир үйлөнө берем. Анткени ал мага жагат.

- Азаматсың балам! Сенден ушундай жоопту күткөм.

Анан мени карап, “кызым, “молодец” экенсиң, сонун жигит таапсың”,-деп көз кысып койду. Кайын энем болсо: “Биз үйгө бара берели. Силер экөөң сейилдеп анан келгиле. Жашсыңар, жанагы, клуб беле, ошол жагыңарга баргыла.” Экөө таксиге түшүп кетип калышты.

Эми болочок кудалар жолугуп таанышмай болушту. Жигитим экөөбүз эң жакшы кафе тандадык. Столду даярдап, буйрутмаларды берип койдук. Толкунданып бир орунда туралбай ары-бери чуркайбыз. Биринчи менин ата-энем, көп өтпөй жигитимдики келди.

Атам болочок кайын энемди көрөрү менен, “Сары чымчык, сенби?”,-деди. Кайын энем “Чоң мурун, сенби?” деген боюнча катып калды. Анан экөө каткырышты.

Көрсө экөө айылдаш болчу экен.  “Жаш балабыз да, биринчи жолу сүйүп жатсак эмне кылышты билбейбиз. Анан ушинтип катуу тамашалар менен сезимдерибизди билдирчүбүз. Кийин сары чымчык шаарга көчүп кетти. Ошол бойдон көрүшпөй калдык. Көчүп кеткенин билип сарайга кирип алып ыйлагам”,-деди атам. Апам дагы жөн киши эмес да, “ай, мен кетсем ыйлабайсың го”,-деп баарыбызды күлдүрдү. Анан экөө балалык сезимдери тууралуу айтып беришти. 

Буйруса жакында той. Ата-энебиз төртөө биригип бизге сюрприз даярдап жатышат. Жигитим экөөбүз эмне экенин биле албай кыйналып жүргөн чагыбыз.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды. 

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт