// //

Балалуу боло албай жүргөнүбүздү билген кайын энем бир гана жолу минтти

2021.09.25, 15:01
19877

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт!

Келин болуп келгенден күндөн тарта кайын энемди  “мама” деп атай баштадым.

“Мамам” менен “папам” элге окшоп байлык топтоп, үй салбаптыр. Болгон күчтөрүн балдарынын тарбиясына, билим алуусуна жумшаганы көрүнүп турат. Биринен өтүп бири укмуш. Эми минтип мөмөсүн татып отурган чактары.

Өзүм бардар үй-бүлөнүн кызымын. Ошондуктан, босогону аттарым менен кайын энем жакшы мамиле жасаса, “кантип эле ушундай болсун”,- деп ишенбей жүрдүм. Себеби буга чейин кайын энелердин терс образдарын, келиндерине кылган мамилерин көп укчумун. 

Көрсө “мамам” мага чын дилинен эле жакшы мамиле кылат экен. Келин болуп келгенден бери мени кагып-силкип катуу айтканын укпадым.

Жакшы камыр жайганды эч эле үйрөнө албай койдум.  Ошондо дагы оозунан жүрөгүмдү оорута турган сөз чыкпады. Конокко барып калган учурда кичине менин адресиме туура эмес сөз кетсе, тоок жөжөлөрүн коргогондой коргойт. Тигилердин оозун жаап жатканын укканда ичим жылыйт.

Күйөөм экөөбүздүн чогуу жашаганыбызга он жыл болду. Мончоктой бир кызыбыз бар. Ден соолугубузга байланыштуу экинчи бала жытын искей албай жүрөбүз. Ошондо дагы “мамамдын” мага болгон мамилеси өзгөргөн жок. “Дарыланып жатасыңарбы”, ушинтип бир эле жолу сурады. “Көп сурап көңүлүңдү оорутуп аламбы” дегенин угуп, “сизге татыктуу келин боло алат бекем”, -деп, көрсөтпөй ыйлайм.

Периштедей болгон кайын энемдин өмүрүн тилеп эле басып жүрөм. Өз апама эмнени кааласам же алсам дайыма кайын энемди унутпайм. Жолдошумдун мага болгон мамилеси үчүн дагы кайын энеме рахмат. Баарыңарга меникиндей, үлгүлүү, сүйүктүү кайын энене насип кылсын.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт