Ажырашууга күйөөсү эле арыз берсе сот карай береби? Юрист жооп берет
Саламатсызбы! Үй-бүлөдө эркек, башкача айтканда күйөөсү ажырашуу тууралуу арыз берсе сот карайбы жана алимент кыркылабы?
Жаңыл Алымкул кызы
Юрист
Саламатсызбы! Ооба, карайт. Ажырашуу боюнча арызды аялы да, күйөөсү да берүүгө укуктуу.
Бирок, бир нюанс бар. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексининин 18-беренесине ылайык, эгер жубайы кош бойлуу болсо, же жаңы төрөп, баласы 1 жашка толо элек болсо, анда аялынын макулдугусуз күйөөсү ажырашуу жөнүндө иш козгоого укугу жок.
Мындайча айтканда, күйөөсү арыз берип коё берсе болот. Бирок, аялынын макулдугусуз баары бир сот аларды ажыраштырбайт.
Ошондой эле, бала кайсы ата-энеде калса, ошол ата-эне экинчи жактан алимент өндүрүүгө укуктуу. Алименттин өлчөмүн өз ара макулдашып алышса болот. Эгерде андай макулдашуу жок болсо, анда сот КРнын Үй-бүлө кодексининин 86-беренесинин негизинде аныктап берет.
Юрист Жаңыл Алымкул кызы менен инстаграмдагы @lawyer.janelle баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
саламатсызбы? менин суроом. мен 3балама алимент албайм. пособиеге алимент албайт деген справканы алалбай кыйналам. айылыман алайын десем. куйондун учёту жок деп беришпейт.куйом болсо учётум эч жерде жок деп ал дагы справка алып беруудон баш тартып жатат. эмне кылуум керек жооп берип коюнузчу суруныч. ушул справка учун пособием токтоп турат.