// //

Баса албаган аялым менен 10 жыл жашаганымды эрдик катары көрбөйм

2021.09.22, 18:18
10278

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир окурмандын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

- Үмүт бар. Бирок, азырынча мынча пайыз деп кепилдик бере албайм.

- Үмүт деген эле сөзүңүз биз үчүн үмүт байке.

- Эртең келгиле. Палатадан орун алып операцияга даярдана баштагыла. 

- Чоң рахмат байке, чоң рахмат.

Врачтын колун бекем кыса бердим. Жөн койсо кучактап деле алмакмын. Шашып кабинетине кирип кетти. Аялымды кучактап алып ыйладым. Бул күнгө дагы жеттик. Ээ кудай, эмне деген нерселер баштан өттү. Биз туруштук бере алдык. 

Автокырсыктан кийин бутуна операция болду. Туура эмес болгонбу, билбейм, айтор, төшөккө жатып калды. Башында стресс болдук. Жаныңда жүргөн аялың бир заматта минтип калса ким эле шок болбосун. Балдар ыйлады. Ага кошулуп мен ыйладым. Баарыбызды кубалап аялым ыйлады.

Барбаган жерибиз калбады. Баары эле ийнин куушурушат. Беш жыл жанталашып жүрдүк. Акыры багынып бердик. 

"Ажырашалы" деди. Көөшөрүп жанынан чыкпадым. Стресс болуп мени кубалады. Ачуу сөздөрдү айтты. Урушту. Ал учурда дагы кулагымды жаап коюп жанында жүрө бердим. Кайда барам? Кимге барам? Кантип башкасын сүйөм? Мен ажырашуу үчүн үйлөнгөн эмесмин. Тек гана жанында болдум. Жок, мен боорум ооруган үчүн эмес, сүйгөнүм үчүн жанында болдум.

"Баспаган аял менен жашап жатат" дешкендер болду. Айрымдары келип мени макташты. Бул учурда аябай ачуум келди. Мен муну эрдик катары көрбөйм. Ооба, баспай калды, анын эмнеси бар экен. Ал дагы деле менин келинчегим, балдарымдын апасы, үйүмдүн куту. Мен муну эрдик катары көрбөйм. Анын ордунда мен болсом, ал дагы жанымда болмок. Мен тек гана ошого ишенем.

Турмушубуз өз нугуна түштү. Биз жөн гана жашоону чечтик. Үйүбүзгө тынчтык кайта баштады. Дарыгерлерге, жашырганда эмес табыптарга барганды токтоттук. Аттиң, жүрөктүн түпкүрүндө бир үмүт өчпөдү.

Басып кете алат экен! Угуп жатасыңарбы 10 жылдан кийин басат. Менин аялым басат! Бакырып ыйладым. Экөөбүз эмне деген гана бороондордон өттүк. Ишене албадык. Мен аны көтөрүп айланттым. Эми ээрчишип жанаша жүрөбүз. Тек гана дагы кичине чыдап коюшубуз керек.

Операция. Уйкусуз түндөр. Үмүттөр. Аялым ойгонду. Баш бармагы кыймылдады. Бутун кучактап ыйлап жаттым. Биз бакытка жеттик. Биз буга татыктуубуз. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт